Куштун үч насааты

Күндөрдүн биринде бир киши кичинекей кушту капасына камап алат. Куш жалынып жалбарып: «Мага чейин канчалаган жаныбарларды, куштарды жеп тойгон эмессиң. Мен кичинекеймин, мени жесең да тойбойсуң. Андан көрө мени койо берсең сага үч насаат айтам, ал сага да, балдарыңа да пайдалуу болот. Эгер айтканыма макул болсоң, биринчисин колуңда турганда айтам. Насаатымды жактырсаң мени койо бересиң. Экинчисин ушул үйдүн үстүнө конуп, ал эми үчүнчүсүн тиги дарактын бутагына конуп айтам.» дейт.  Киши ойлонуп, куштун айтканына көнөт. Куш «Ким айтканына карабай, айтылган ар бир сөзгө ишене бербе!» дейт. Бул кеңешти жактырып, кушту учуруп жиберет. Куш үйдүн үстүнө конуп «Колуңдан чыгып кеткен мүмкүнчүлүгүңө, өткөн ишке өкүнүп кайгырба!» деп экинчи насаатын айтат. Киши экинчи кеңешти да жактырат. Ошол кезде куш дарактын бутагына конуп, менин ичимде  300 гр алмаз бар эле, колуңдан чыгардың дейт. Киши шашып, көздөрү алаңдап  башын кармап, өкүнүү жана ачуулануу менен жер тепкилейт. Куш сага айтылган ар бир сөзгө ишенбе дедим эле, бул насаатымды укпадың. Менин салмагым 50 грамм болсо, анан кантип менин ичимде 300 грамм алмаз болмок эле? Ал эми экинчи насаатымда колуңдан чыккан мүмкүнчүлүккө, өткөн ишке өкүнбө дедим эле дейт. Киши өзүнүн акмактыгына ачууланып үчүнчү насаатыңды айт деп суранат. Куш: «Биринчи айтылган эки насаатыма макул болгондой, үчүнчүсүн суранып жатасың. Кургак топуракка эгилген урук өнбөйт, караңгылык жана акмактыкты эч нерсе жаап жашыра албайт» деп учуп кетет…

Котормо

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}