Кыйынчылыктан чыгуу үчүн жети кеңеш

Пайдалуу кеңеш кымбат баалуу белек сыяктуу. Өзгөчө кыйынчылыкка кабылган учурларда. Жол таппай калган учурум  эч качан болбоду деп ким гана айта алат?! Мындай учурларда өзүбүзгө кам көрбөй пессимисттик ойлор тооруп, депрессияга чалдыгабыз. Бул учурлардагы пайдалуу кеңеш жаңы жакшылыктарга себеп болуусу мүмкүн. Көңүл бурулбай калган же жашырылган кайгылар кийинчерек өмүрдү алган оор дартка айланат.

Канчалык зээндүү, акылдуу болсоңуз да кайда барарыңызды билбей калган кыйын күнгө кабылышыңыз мүмкүн. Кыйынчылыкка кабылганда сизге жарык бере турган жети кеңеш менен таанышып чыгыңыз:

  1. Кыйынчылыктуу учурларды кабыл кылыңыз, каршылык көрсөтпөңүз.

Иштерибиз биз каалагандай болбой жатса, бары жаман жакка бара жатат деп кайгырабыз. Чындыктарды болгондой кабыл кылуу жана күтүүлөрүбүздү ага дал келтирүү кыйын. Бирок, бул сизди азапка гана салат. Кыйын күндөр башыбызга түшсө, демек ошондой болусу керек эле деп эсептеңиз. Чыгуучу жол алардан качуу эмес, кабыл кылуу. Кыйын күндөр себептүү өзүңүздүн ичиңизден да, сырткы чөйрөдөн да жаңы нерселерди үйрөнүүңүз мүмкүн. Көйгөйлөрдү кабыл кылуудан качуу менен аларды чечүүдөн алыстаган болосуз.

  1. Өзүңүздү боор ооруй тургандай абалда сезбеңиз, же ошондой көрүнбөңүз.

Өзүн боор ооруй тургандай абалда сезүү адамдарды азгырат жана ар дайым чөктүрөт. Бул жашооңуздагы жоопкерчиликти мойнуңузга алуудан качууга алып барат жана эч бир пайда алып келбейт. Башына келген бардык иште ар бир адамдын жоопкерчиликтүүлүгү бирдей. Эч бир көйгөй кокусунан эле асмандан түшүп келбейт. Өз учурунда бир иш кылгансыз же кылбай койгонсуз. Өзүңүздү алсыз сезүү айласыздык сезимин арттырууунун, жаман нерсенин болуусун токотуу үчүн колуңуздан эч нерсе келбей тургандыгына өзүңүздү ишендирүүнүн гана жолу.

  1. Жан дүйнөңүзгө кайрылыңыз.

Жашооңуз көйгөйлөргө толгон болсо, айланадан айла издөө нормалдуу көрүнүш. Айланаңызды карап, андагы нерселерди өзгөртөм жана ушуну менен кыйынчылыктан кутулам деп ойлошуңуз мүмкүн. А бирок, бул аракет туура эмес. Анткени, айланабызда биз өзгөртө албаган бир топ чындык бар. Андыктан, кыйынчылык учурунда ичиңизге, жан дүйнөңүзгө караңыз. Сиз өзүңүз өзгөрүүңүз керек. Бул өзгөрүү ичиңизде ишке ашса, сырткы чөйрөңүзгө да таасирин тийгизет.

  1. Жашоого, ааламга ыраазы болуңуз, шүгүр келтириңиз.

Шүгүр келтирүү ар түрдүү кыйынчылыкты ашып өтүүнүн мыкты жолу. Жөн гана көздөрүңүздү жумуп  ыраазымын, шүгүр келтирем деп айтыңыз. Жашоонун акылмандыгына ишениңиз. Кыйын күндөн өтүп жатсаңыз, себеби сиз ушул нерсеге муктаж элеңиз. Ыраазы болуунун сыйкырдуу таасири бар. Үнүңүздү чыгарып «Ыраазымын! Шүгүр келтирем!» деп айтыңыз. Биринчи жолу айтканда ал ишенимдүү болбоосу мүмкүн. Бирок, убакыттын өтүшү менен жүрөгүңүздөн ыраазы болгонуңузду жана мунун сизге тийгизген оң таасирин сезесиз.

  1. Бардык нерсенин өзгөрөрүн унутпаңыз.

Бардык учурда таасирдүү болгон  акылмандардын «Бул да өтүп кетет!» деген  сөзүн эстеңиз. Аалам тынымсыз өзгөрөт. Эң эле азаптуу же эң эле бактылуу учурубузда мунун түбөлүк ушундай болорун ойлойбуз. Бирок, андай болбойт. Кайгы да, кубаныч да убактылуу жана өтүп кетет. Кыйынчылык учурда терең дем алып бардык нерсенин өз ордун таап кетүүсүн сабырдуулук менен күтүү керек. Өзүңүзгө жаңы иш таап алектенип турсаңыз, бардык суроолоруңуз өз жообун табат.

  1. Көз карашыңызды өзгөртүңүз.

Кыйынчылыктарга туш болгондо ар тараптуу кароого аракет кылыңыз. Абалыңызды чоң кайгы, чоң кырсык же ашып өтүүңүз керек болгон  тоскоолдук, кулатууңуз керек болгон дубал же жашоонун кыйын экендигинин далили катары көрүүңүз мүмкүн.  Бирок, бул кыйынчылыктарды дагы күчтүү болуу үчүн мүмкүнчүлүк деп көрсөңүз да болот. Өзүңүздү жакшы таануу, сабырыңызды өлчөө үчүн себеп деп кабыл кылсаңыз да болот. Ойлоруңуздун жана дүйнөгө болгон көз карашыңыздын куруучусу да өзгөртүүчүсү да гана өзүңүзсүз. Бул бир же бир нече көйгөйгө туш болгондо аларды кандай кабыл аларыңызга байланыштуу.

  1. Бардык нерсе болушу мүмкүн экенин кабыл кылыңыз.

Кыйын кездерде пессимистик ойлор курчап алат. Үмүт кылуунун дагы көп үмүтсүздүккө алып баруусу мүмкүн экенин ойлоп баштайсыз. Бары эң жакшы болот деп күтүңүз. Ар күнү кереметтүү өзгөрүүлөр болорун жана ар түрдүү кыйынчылыкты ашып өтө аларыңызга ишениңиз. Күтүлбөгөн мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу, жаңы жол табуу күчү сиздин ичиңизде катылган. Кээде кыйынчылыктар жашыңыздын канчада болгонуна карабай жаңы ийгилик жаратууга, акылмандыкка жол ачкан себептер болуп саналат.

Даярдаган Өкөнбаев Турдугүл

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}