Күндөлүк жазуунун пайдалары

1) Күндөлүк жазуу бул- стрессти кагазга өткөрүү. Ой-толгоолорду кагазга түшурүү, терапиянын бир түрү болуп саналат. Көйгөйлөр, ойлор, эскерүүлөр – булардын баардыгы акыл-эсибизде топтоло берет. Андыктан анын баардыгын кагазга айтып бериңиз, кагаз эч кандай сын-пикир, көз карашын билдирбестен сизди уга билет.

2) Акыл-эсиңизди тазалаңыз. Бир күн ичинде келген ойлорду, жаңы идеяларды кагазга жазуу менен сиз мээңизди жаңы идеялар жана ойлор үчүн “бошоткон” болосуз. Биздин акыл-эсибиз деле күн сайын үй жыйнагандай эле күн сайын тазаланып, ирээттеп турууга муктаж. Анын үстүнө кагазга жазылган идеяларды системага салып, ирээттеп коюу оңой иш.

3) Күн сайын жазуу менен сиз, жазуу ишмердүүлүгүңүздү жогорулаткан болосуз. Сиз канчалык көп жазсаңыз ошончолук туура жана катасыз жазасыз, ошондой эле оозеки баарлашууда оюңузду толук билдирүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн болосуз.

4) Жазуу менен акча табыңыз. Жазуу эмгеги учурда талап кылынган чеберчиликтердин катарын толуктайт. Жаңы бир курулуштун ичин көрүп келдиңизби же жаңы бир ресторанга бардыңызбы? Анда ал жактан алган сезимдериңизди, ой-пикириңизди көркөм сөздүн күчүнө салып жазып, гезитке берип коюңуз. Балким бул иш сизге ырахат тартуулайт чыгар.

5) Оюңузду топтой жүрүңүз. Бир күн ичинде социалдык тармактарда баракчаңызды максатсыз барактап, башка бирөөлөрдүн пикирлерин окугандан көрө, айланаңызга көз чаптырып, өзүңүздүн жеке пикириңизди кармана жүрүңүз.

6) Жазуу иши оозеки сүйлөгөндө да, берейин деген ойду так жана кыска кылып айтууга мүмкүнчүлүк түзөт. Жазуу менен сиз бир гана жазуу чеберчилигин эмес, сүйлөө чеберчилигиңизди да жогорулатасыз.

7) Эмнени каалап жатканыңызды аныктаганга жардам берет. Көпчүлүк адамдар ички дисгармониядан жапа чегишет. Ал эми күндөлүк жазуу сизге өткөн күндөрүңүзгө кайрылып, аларга талдоо жүргүзүп, тажрыйба топтоп, сабак алууңузга көмөкчү болот. Анын натыйжасында, максат жана пландарыңызды кайсы багытта ишке ашырууңуз керектигин ачык-айкын билип аласыз.

8) Күндөлүк жазуу-аналитикалык ой жүгүртүүнү камсыз кылат. Сиз ойлоруңузду кагазга түшүрүп жатканда аларга кандайдыр бир форма бересиз. Оюңузду кандайдыр бир жыйынтык менен бүтүрөсүз. Бул болсо өз учурунда сиздин абалды башталганга чейин анализ кылганга үйрөтөт.

9) Технологияга болгон көз карандылыктан алыстатат. Сиз ойлоруңузду компьютерге деле терип койсоңуз болот эле, бирок колго калем алып, жазуу андан дагы натыйжалуу. Анткени калем менен жазуу тынчтанууга, эс алууга жана өзүңдү жандуу сезүүгө жардам берет.

10) Күндөлүк жазуу менен сиз өзүңүз менен өзүңүз таанышасыз. Канчалык убакыт өткөн сайын адам да убакыттын алдында алсыздык кылып мүнөзү, ой-жүгүртүүсү жана дүйнөгө болгон көз карашы өзгөрөт. Ал эми сиз өзүңүздүн 6 ай мурун жазган ойлоруңузду окуу менен өзүңүз менен өзүңүз бет келесиз, өзүңүздү өзүңуз тааныйсыз. Мотивацияңыз эмне, максаттарыңыз кандай эле — мунун баардыгы сиздин эч кимден ала алгыс тажрыйбаларыңыз.

Даярдаган Муратбекова Айнек

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}