Күрөштүн жеңүүчүсү

Чоң ата менен он жаштагы небереси короодо ак жана кара түстөгү эки иттин күрөшүп жатканын карап олтурушкан эле. Небереси эс тарткандан бери ал иттердин дайыма күрөшкөнүн көрчү. Чон атасына короону кайтаруу үчүн бир эле ит жетиштүү болгонуна карабай эмне себептен эки ит бакканын таң калып сурайт. Абышка алар мен үчүн жакшылык менен жамандыктын символу деп төмөнкүчө түшүндүрөт: «Ак ит менен кара ит дайыма күрөшкөн сыяктуу, биздин ичибизде да жакшылык менен жамандык дайыма күрөштө болот. Мен бул иттерге карап, оң жана терс сапаттарымдын күрөшүн эстейм.»- дейт. Небереси  ар бир күрөштө бир жеңүүчү болот го, жеңүүчүсү кайсынысы деп сурайт. «Уулум, биз кайсынынсын баксак, ошонусу жеңүүчү болот. Биздин ичибиздеги жакшылык менен жамандыктын күрөшүндө кимисине көп колдоо көрсөтсөк, ошонусу жеңүүчү болуп, биздин жан дүйнөбүздү ээлеп алат.»- дейт чоң ата.

Котормо

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}