Күтүүнү билгенге баары келет

Лев Толстойдун  бакытка, сүйүүгө, түбөлүктүүлүк жана ишенимдүүлүккө толгон накыл кептери:

  1. Башкаруунун күчү элдин билимсиздигинде кармалат. Ошондуктан билимдин таралышына дайым тоскоолдук кылат. Муну түшүнүүнүн убагы келди.
  2. Ар бир адам өзүнүн эшигинин алдын тазалай турган болсо, анда бүт көчө таза болот.
  3. Эң жөнөкөй жаңылыштыктардын бири бул – адамдарды жакшы, жаман, акылдуу, акылсыз деп эсептөө. Адам өзгөрөт жана анда баарык мүмкүнчүлүктөр бар. Орой кичипейил болот, акылсыз акылдуу болот же тескерисинче. Бул – адамдын улуулугу. Ошондуктан эч кимди сындоого болбойт. Анткени, бирөөнү сындаган учуруңузда, ал адам өзгөрүп кеткен болушу мүмкүн.
  4. Бизди биз жакшы болгон үчүн сүйөт деп ойлобуз. Балким бизди сүйгөн адамдар өздөрү жакшы болгону үчүн бизди сүйөт деп эч ойлонбойбуз.
  5. Күчтүү адамдар ар дайым жөнөкөй болушат.
  6. Ар бир бактылуу үй-бүлө бири-бирине окшош, ар бир бактысыз үй-бүлө өзүнчө бактысыз.
  7. Сүйүүсүз жашоо жеңил, бирок ансыз жашоо маанисиз.
  8. Эң маанилүү чындык – эң жөнөкөй.
  9. Адатта адамдар абийиринин тазалыгы менен сыймыктанышат, анткени, алардын эс тутуму кыска гана.
  10. Баардык адамдар план түзүшөт, бирок эч ким кечке чейин жашашын билбейт.
  11. Бакыт жакшы маанайлуу үй-бүлөгө көп кирет.
  12. Адам дайым бактылуу болушу керек, бактысыз боло баштаганда эмне ката кетиргендигин карасын.
  13. Күтүүнү билгенге баары келет.
  14. Ар бирибиз үчүн жашоонун маңызызы сүйүү менен курчалып өсүү экенин билем.
  15. Ар бир инсан дүйнөнү өзгөртүүнү кыялданат, бирок эч ким өзүн өзгөртүүнү максат кылбайт.
  16. Адамга кичинекей жакшылык кылган учурдагы сезим дүйнөдөгү баардык сезимдерден артык.
  17. Үйүндө бактылуу инсан чындыгында эң бактылуу.
  18. Адам көнбөгөн шарт жок, өзгөчө эгер жанындагылар ошондой шарт менен жашап жатышса.
  19. Сага чыккынчылык кылганда бул – колуңду сындыргандай эле. Кечирүү мүмкүн бирок, кайра кучактай албайсың.
  20. Мен жакшы көргөн бардык нерсе менин колумда эмес. Бирок, колумда болгондун баарын жакшы көрөм.

Которгон Желденова Аяна

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}