Күчтүү адамдын сапаттары

Күн сайын адам болуу эң кыйын,

Сабырдан чыгып кетүү эң оңой.

Адам баласы жашоодо көптөгөн кырдаалдарга туш болобуз, мына ошол кырдаалдарда адамдык асыл сапаттарды сактап адам бойдон калуу өтө оор. Андыктан төмөндө сизге күчтүү болууга бир канча сунуштар берилет.

  • Коркунучтардан качпагыла.

Эгер алдыңызга кандайдыр бир коркунуч келсе аны жакшылап анализдеп, психикалык коркунуч эмес, физикалык коркунуч сыяктуу кабыл алыңыз.

  • Өткөн чак менен жашаганды токтотуңуз.

Эсиңизде болсун – баарын башынан баштоо үчүн эч качан кеч эмес. Бирок, жаңы нерсени баштоо үчүн эски эскерүүлөрдү, өткөн күндөрдү кое берүү керек. Өткөн күндүр оорчулуктары чирип кеткен картошка сымал деп кабыл алыңыз, ал эми чирип кеткен картошканы ташып жүрүүнүн канчалык кажети бар. Жашооңузду жаңы ачылыштарга даярдаңыз.

  • Кечиримдүүлүк – күчтүүлөрдүн сапаты.

Кайсы бир окуяны, кайсы бир адамды кечирбей жүрө берүү акылыңызда негативдүү ойлордун топтолушуна себепчи болот. Андыктан, кечиримдүү болуңуз, болгондо да окуяны же адамды толугу менен кечирип коюңуз.

  • Башка адамдарга себепсиз же кайрымын күтпөөдөн да жардам берүү күчтүү болууга себеп болот.

Элге жарыялабай кимдир бирөөгө жардам көрсөтүү бул чыныгы күчтүүлүк.

Даярдаган Муратбекова Айнек

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}