“Көз коркок, кол баатыр”

Билл Гейтстин дүйнөдөгү эң бай адам  экени, жалпыбызга белгилүү. Бирок, анын билимге болгон  умтулуусунан улам , азыркы деңгээлге жеткендигинен аз гана адамдын кабары бар.  Ал программа түзүүнү үйрөнүү иши кыйын болуп саналган кезде жарык дүйнөгө келип, 13 жашынан  программалоо тилин  абдан кызыгуу менен үйрөнө баштайт. Ал күндөрүн «Мен компьютер борборлорундагы “таштанды кутуларды” аралап, ошол жактагы кодторду изилдеп үйрөнөт элем» деп эскерген. Мектепте окуп жүргөн кезинде  келечектеги шериги  Пол Аллен менен таанышып, алардын компьютерге  кызыгуусу бири-бирине байланыштырат. Ошентип, алар сабактардан качып информатика кабинетинде бирге иштей башташат. Бир күнү Гейтс  журналдан  сатыкка жаңы гана түшкөн компьютерди көрүп калат. Билл ошол замат  компьютерге программа түзүү чоң мүмкүнчүлүк экенин байкап,  башкалар тарабынан жасала элегинде , мүмкүнчүлүктү колдонуп калуу керектигин түшүнөт. Ошентип, Билл компания менен байланышып, алардын жасаган компьютерине даяр программа бар экенин айтат. Чындыгында , бул жөн гана  алардын жеңиши болчу, жадакалса  ал учурда программа түзүү үчүн бир да код жазыла элек эле. Ошол күнү  Билл өмүрүндөгү эң маанилүү чечимди кабыл алат. Ал өзүнүн күчтүү каалоосу жана тажрыйбасына ишенип, Гарвард университетинде окуудан баш тарткан. Ошентип, Гейтс жана Аллен  Гарвард университетиндеги окуусун таштап, бир канча жуманын ичинде  Пол менен биргеликте жаңы программаны толук түрдө  жазып чыгышат. Аз убакыттын ичинде эле , алар түзүп чыккан   Майкрасофт Виндовз программасы  өнүгүп , 31 жашында    Билл  миллиардер  болгонго жетишет. Бүгүнкү күндө Билл Гейтс  89.2 $  миллиард өлчөмүндөгү кирешеси менен планетадагы эң бай адамдардын бири болуп саналат.

 “Ийгиликсиздиктен коркпо,  аракеттенип көрбөгөндүктөн корк”

Же  болбосо, Билл Гейтстин ийгилиги бизге баарыбыз билген “Көз коркок, кол баатыр.” макалын эскертет.

Эгер тобокелчилике барбасаң, киреше да кирбейт.

Залкар Аманов

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}