Жүрөк гана кыраакы, көрөгөч. Эң түпкү касиетти көз менен көрө албайсың.

Антуан де Сент –Экзюперинин «Кичинекей ханзада» жомогунан:

 

Жүрөк гана кыраакы, көрөгөч. Эң түпкү касиетти көз менен көрө албайсың.

***

Чоң кишилер өздөрү эчнерсени аңдап түшүнө алышпайт, ал эми аларга көрүнгөндүн баарын улам-улам эзип түшүндүрүп отуруу балдарды аябай жадатып жиберет.

***

Чоң кишилер цифра десе жантыгынан жата калат. Жаңы бир дос тапканыңды сүйүнчүлөсөң, эч качан алгылыктуу суроо бербейт. Алар эч качан : «Анын үнү кандай экен? Кандай оюнга ышкыбоз экен? Көпөлөк кармайт бекен?» — деп сурабайт. Алар: «Жашы канчада экен? Канча бир тууган экен? Салмагы канча экен? Атасы канча акча табат экен?» — деп сүрүштүрүшөт.

***

Чоң кишилерге: «Мен кызыл кыштан салган  кооз үй көрдүм, терезесинде гарань гүлү өсүп, чатырында кептерлер учуп жүрөт» -десең, алар ошол үйдү түк көз алдына келтире алышпайт. Аларга: «Жүз миң сомдук үй көрдүм» — деп айтышың керек, ошондо алар: «О, сонун экен!» — деп тамшанышат.

***

Мен анда эчтеме түшүнбөпмүн! Сөзүнө эмес, ишине карап бааласам болмок экен. Ал мага жыпар жытын берип өмүрүмө жарык шоола төккөн тура. Бекер качыпмын! Ошол арсыз кытмырлык менен айлакерликтин артында назик мээрим жатканын туюшум керек экен. Гүлдөрдүн айтканы башка, кылганы башка болорун кайдан билдим. Анда мен өтө жаш экенмин, сүйө билчү эмес экемин.

***

Досторду унуткандан кейиштүү эмне бар деги. Ар кимдин эле досу боло бербейт.

***

Бир катуу эреже бар, – деди мага Кичинекей ханзада кийинчерээк. – Эртең менен эрте туруп, жуунуп, бою-башыңды иретке келтирер замат планетаңды да тартипке келтир.

***

Анда өзүңдү сотто! – деди падыша. – Бу баарынан кыйын. Бирөөлөрдү соттогондон өзүңдү соттогон алда канча оор. Эгер өзүңдү калыс соттой алсаң, анда сен чын эле акылмансың.

***

— Кишилер кайда деги? – деп Кичинекей ханзада кайра сөз баштады. – Канткен менен чөлдө жалгызсырайт экенсиң…

— Элдин ичинде деле жалгызсырайсың, – деди Жылан.

***

— Жок, — деди Кичинекей ханзда. – Дос издеп жүрөм. Айтсаң, «байыр» деген эмне, ия?

— Бу эчак унутулуп калган түшүнүк, — деди Түлкү. – Ал «жүрөккө жүрөктү байландыруу» дегенге барабар.

— Байландыруу дедиңби?

— Ооба, — деди Түлкү. – Азырынча сен мага түмөн-түмөн балдардан эч айырмаң жок кичинекей бир баласың. Мага керегиң жок. Менин да сага керегим жок. Мен да сага түмөн-түмөн түлкүлөргө окшогон бир түлкү элемин. Эгер сен мени байыр кылып алсаң, экөөбүз бири-бирибизге керек болуп калабыз. Сен мен үчүн бу дүйнөдө жалгыз болосуң. Мен да сен үчүн жападан жалгыз болом…

***

Эмнени байыр кылсаң, ошону гана мыкты биле аласың, — деди Түлкү. – Бирдеме билгенге эми адамдардын чолосу тийбей калды. Алар буюмдарды дүкөндөн даяр бойдон сатып алат. Бирок, дос саткан дүкөн жок да, ошон үчүн эми адамдардын досу болбойт. Досум болсун десең, мени байыр кылып ал!

***

 

Кишилер бул акыйкатты унутуп калышкан, — деди Түлкү, — а сен унутпа: Сен өзүңө байыр кылып алгандардын баары үчүн жоопкерсиң.  Сен розаң үчүн жоопкерсиң.

***

Өлө турган болсоң да досуңдун болгону жакшы…

***

Эмне издегенин балдар гана билет.

***

— Сенин планетаңда, — деди Кичинекей ханзада, — адамдар бир эле бактын ичине беш миң роза өстүрөт экен да… арзып издегенин эч таппайт экен…

— Таппайт, — деп мен ырастап койдум.

— Ал эми алардын издеп жүргөнүн, бир розадан, бир ууртам суудан табууга мүмкүн да…

— Албетте, мүмкүн, — деп мен ырастап койдум.

Кичинекей ханзада кайра мындай деди:

— Бирок көз сокур. Жүрөк менен издеш керек.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}