Көрүнгөндүн көрүнбөгөн тарабы

1592-жылы Чокойчу Мехмед Мими  аттуу киши кайтыш болот. Ошол күнү падыша Мурат III (Осмон империясы) жардамчысы менен калк турмушунан кабардар болуу үчүн падышалыгын жашырып, жупуну кийинип калк аралап жүргөн болот. Адамдар топтолуп каза болгон адамды жаман дешип, жаназага даярдоодон баш тартышат. Падыша жардамчысы аркылуу эмне болуп жатканын сурайт:

— Эмне үчүн аны жаман деп жатасыңар? — деп сурайт падышанын жардамчысы. Ал жердеги адамдар:

— Бул киши өз ишин эң мыкты жасачу, анын иши боюнча эч ким ага тең келе албайт эле. Бирок, ал кечке чейин тер төгүп тапкан акчасына ичкилик сатып алып үйүнө кетчү. Анысы аз келгенсип ар жума күнү кечинде жаман жолдо жүргөн аялдарды топтоп үйүнө алып кетчү. Жада калса, мечитке бир ирет болсо да келгенин көрбөдүк…», — дешет.

Бул сөздөрдү уккан падыша эмне болгон күндө да, мен падыша болгон кезде бул адам катары жаназасыз калбашы керек дейт. Падыша жана анын жардамчысынын башчылыгында жаназасы окулат. Падыша эртеси каза болгон кишинин жубайын сарайга чакыртып:

— Жолдошуңуз кандай адам эле, адамдар ал киши жөнүндө жаман сөздөрдү айтып жатышат, — деп сурайт. Каза болгон кишинин жубайы:

— Жолдошум жакшы киши эле. Адамдардын айткандары да жалган эмес, — дейт.

— Жакшы киши эле дегениңиз менен адамдардын айтканы жалган эмес дегениңиз дал келбей жатат го?

— Адамдардын айтканы жалган эмес, бирок, туура да эмес. Жолдошум алган акысын актоо үчүн өз ишин эң мыкты жасоого аракеттенет эле. Ал кечке чейин иштеп тапкан акчасына кечинде арак ичип жаткандардын арагын сатып алып, үйгө келип төгүп салып, бир тууганымдын арак ичүүсүнө тоскоол болдум деп кубанат болчу. Жаман жолго түшкөн аялдарды, үйгө алып келип, «Силердин убактыңарды сатып алдым, акыңарды төлөдүм, эми менин жубайымды уккула»,- деп, аларды мага тапшырчу. Ал аялдарга жуунуп тазалануусу, динибизди үйрөнүүсү үчүн шарт түзүүмдү айтып, аларга турмушун туура жолдо улантуусу үчүн кошумча акча берип чыгып кетет эле. Жолдошумду коңшуларым мечитте көрүшпөгөн. Анткени, ал кээде алыстагы мечиттин имамын өтө урматтап ар дайым ошол мечитке кетет эле. Адамдар сен жөнүндө жаман ойлошуп, көзүң өтсө жаназаңа да келбей коюшат дечүмүн. Беш күндүк бул өмүрдө адамдардын мен жөнүндөгү жаман ою маанилүү эмес, Жараткан үчүн жакшылык жасагандар жолдо калбайт дейт эле, — деп эскерет.

Падыша ал аялды өмүрүнүн акырына чейинки жашоосу үчүн жете тургандай байлык менен узатат. Каза болгон кишинин мүрзөсүнө күмбөз курдуруп, жанына суу/ фантан чыгартат. Окуясы көпчүлүккө сабак болгон Чокойчу Мехмед Мими атанын күмбөзү Стамбулда зыярат кылынат…

Адамдардын сиз жөнүндө эмне дегенине маани бербей жакшылык жасоону уланта бериңиз. Жакшылыгыңыз гана сизге чыныгы дос боло алат…

Которгон Өкөнбаева Турдугүл

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}