Көңүл

Көңүл… Көзгө көрүнбөйт да, колго кармалбайт.  Эгер ага түс берсе кандай болот эле? Үлпүлдөп жаңы жааган назик кардайбы? Жок, анткени, кар күн тийип, жер жылышы менен ээрип кетет, бирок, бир муздап тоңгон көңүлдүн ээриши кыйын, кээде мүмкүн эмес.

Балким, таажысын эми эле ачып үлбүрөгөн бир гүл кейпиндедир. Ай, ким билет… Ташты тешип чыккан, катуу шамалга сынбаган, кар алдында соолбогон гүлдөр бар. Бирок, көңүл, бир акын айткандай, болор-болбос желге үшүп, чыйрыга түшөт.

Көңүл, мүмкүн, Кара-Суунун жупжумшак ак пахтасындайдыр… Бирок, пахта менен муздакты жылуулантабыз. Андан кийим кийип, кычыраган чилденин суугунан үшүбөй чыгабыз. Кебелбей Арктика менен Антарктиданы кезип жүргөндөр, ал тургай Айга конуп, таман издерин калтыргандар бар. А Айдын түнкү суугу цельсий боюнча – 150 грудустан ашары белгилүү… Көңүл байкуш, тескерисинче, жылуу денебиздин чак ортосундагы ысык жүрөктө туруп бат эле муздап калат…

… Көңүлдү көрүп да, кармап да кереги жок. Аны болгону аёо керек… Эгер, билип-билбей көңүлүңдү оорутсам, КЕЧИР!

 

«Бир гана Cенсиң» китебинен,

Нуржигит Кадырбеков

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}