Легендалар эч качан өлбөйт, Мухаммед Али!

«Бокс» дегенде  биринчи эле көз алдыбызга Мухаммед Али келет эмеспи. Биз аны белгилүү мушкер катары жакшы тааныйбыз. Бирок, атактуу мушкердин  басып өткөн жолун билесизби?…

Али расисттик бөлүнүү курчуп турган убакта чоңойуп, кичинекей кезинен эле  башкалардан коркпос мүнөзү калыптанган. Өңүнүн кара болгонуна байланыштуу дүкөндөгү сатуучулар да  азык-түлүк сатуудан баш тартышчу. Көп өтпөй анын жашоосунда, болуп көрбөгөндөй чоң бурулуш болот… Ал окуя мындай болгон: он беш жаштагы Алинин  велосипеди уурдалганда, ууруну токмоктоп койгонун милиция кызматкерине айтат. Бокс боюнча тренер болгон офицер, Алинин бокстан жөндөмүү бар экенин байкап калат да, аны өз тайпасына алып бокс менен машыктыра баштайт. Күн-түн дебей  убактысын машыгуу менен өткөргөн  Алинин бокстук карьерасы ушинтип  башталат. Өзүнүн ар бир машыгуусун  жек көрчү, бирок : “Эч качан багынба. Азыр кыйналасың, бирок өмүрүңдүн калганын чемпион болуп жашайсын”, – деп  Али өзүнө  көп жолу айтар эле. Анын өзүнө болгон күчтүү ишениминин натыйжасында,  1964 –жылы бокс боюнча оор салмактагы Дүйнө Чемпиону болот. Көп өтпөй эле, Америка жана Вьетнам ортосундагы согушка катышуудан баш тарткандыгы үчүн 3 жыл рингге чыгуу лицензиясынан ажыратылган. Арадан 3 жыл өткөндөн кийин, тагыраагы 1970-жылы Али кайрадан бокско кайтып, жеңилбес боксчу экендигин  дагы бир жолу дүйнөгө далилдеген.

Бокстагы карьерасын жыйынтыктагандан кийин паркинсон оруусуна  чалдыккан Али,  убактысынын көпчүлүк бөлүгүн гуманитардык жардам көрсөтүүгө арнап келген. Бирок оорусу  күндөн-күнгө күчөп,  2016-жылы Али бүткүл дүйнө менен кош айтышкан. Дүйнө эли бул суук кабарды чоң жоготуу катары кабыл  алып, дүйнөнүн төрт бурчунан  миңдеген адамдар акыркы сапарга узатуу үчүн келишкен.

Бүгүнкү күндө,  Мухаммед Али бокс тарыхындагы эң атактуу боксчу катары таанылат.

Алинин  окуясы “Чексиз өмүр сүрүүгө аракеттенбе, түбөлүккө кала турган иш жаса.” — деген сөздүн далили.

Легендалар эч качан өлбөйт!

Залкар Аманов

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}