Махатма Гандиден кеңештер

Дүйнөнү өзгөртүү үчүн өзүңдү өзгөрт.

Махатма Гандини ысымы Индияда ыйык ысымдардын катарында турат. Ал тууралуу бүткүл дүйнө билет. Ал өзүнүн өлкөсүнө 1947-жылы Британия мамлекетинен көз карандысыздыкты алып берген асыл адам.

  1. Өзүңөрдү өзгөрткүлө.

Эгер дүйнөнүн өзгөрүшүн кааласаңар, анда, ал өзгөрүү өзүңөр болушуңар керек. Эгер силер оюңарды өзгөртсөңөр, анда силердин сезимдериңер жана аракетиңер дагы өзгөрөт. Натыйжада силерди курчап турган дүйнө да өзгөрөт.

  1. Өзүңөрдү өзүңөр гана контролдой аласыңар.

Менин уруксатымсыз эч ким мага зыян бере албайт, деген принцип менен жашагыла. Кайсы бир окуяга кандай реакция бересиңер, кандай сезимдерди жаратасыңар, ал силерден гана көз каранды. Деги эле баардык учурда кайсы окуяга кандай мамиле кылууну өзүңөр гана тандайсыңар.

  1. Кечиргиле жана унуткула.

Алсыз адам эч качан кечирбейт. Кечиримдүүлүк күчтүүлүктүн белгиси. Ачууну ачуу менен, караны кара менен жеңүүгө мүмкүн эмес. Жогоруда айтылгандай кандай мамиле кылууну бир гана өзүбүз тандайбыз. Эгер дагы деле кечирбей жүрө берсең, демек, өткөн абалдардын сени башкаруусуна мүмкүнчүлүк берип жатасың. Кечирүү менен ал абалдарды кое берип, анын ордуна жаңы нерселердин жашообузда орун алуусуна жол ачкан болобуз.

  1. Аракет кылбасаң, эч нерсеге жетпейсиң.

Өзүңдүн грамм да болсо жеке тажырыйбаң, башкалардын тонна акыл айтканынан да артык.

  1. Ар дайым изденгиле жана өскүлө.

Дайыма өнүгүп туруу бул-жашоонун талабы. Өнүгүүнүн эң баштапкы этабы жан дүйнөңө үңүлүп кароо.

Даярдаган Муратбекова Айнек

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}