Мевланадан акыл куржуну

Картасы жок сапарга чыккан адам эки күндүк жолду, эки жылда басып өтөт. Ошол сымал эле устаты жок кесип ээси болгон адам, айылдын маскарапозу болот.

Адилет сапарына жалгыз чыкпа, бул жол тоскоолдуктарга бай. Бул жолдо жолду тоскондор көп. Сенин бир эле жанын бар, ал эми жаныңдын душмандары көп…Баарынан да адам баласы сыртта эмес, ичиндеги душманын тааныбайт, аны жан (напси), аалам деп атайт. Баарынан да ошол жан деп аталган душман менен күрөш сен.

Тилиңди тарбиялоодон мурда жүрөгүңдү тарбиялап ал. Анткени сөз жүрөктөн келип, тилден чыгат.

Темир сымал катуулукту, алтын сымал байлыктан барктуу кылган нерсе бул, адеп-ахлак.

Караңгы адам менен баарлашуу оор, билгенге, анткени ал эмне келсе сүйлөйт тилине.

Адам күлгөнү менен тарбиясын, эмнеге күлгөн себеби менен өзүнүн даражасын көрсөтөт.

Дүйнө деген карышкыр, адам болсо кой; карышкырдын максаты койду жеш керек, ал эми кой болсо карышкырга ашык болуп жүрөт.

Кел, кел…Каапыр, атеист, бутпарас болсоң да кел. Биздин бакчабыз үмүтсүздөр бакчасы эмес. Жүз жолу тообо кылып, кайра аны бузган болсоң да кел…

Мээримдүүлүктө күн сымал бол, башкалардын каталарын көргөндө караңгы түн сымал бол, жоомарттыкта шар аккан суу сымал бол, ачууланганда өлүк сымал бол.

Же көрүнгөндөй бол, же болгонуңдай көрүн.

Күбөнүн туурасы, кээде жалганы да болот. Мастыктын себеби да шараптан, кээде айрандан болот.

Эгер туура жолду билбей жатсаң, напсиңдин каалоолоруна каршы аракет кыл. Дал ошол жол туура жол болот.

Жараткандын ырайымына ээ болгондор бул дүйнөгө карата өлүү, Жаратканга карата тирүү болгон кулдар. Жараткандын этегине карманар — карманбас тозоктун этегинен кутуласың.

Даярдаган Муратбекова Айнек

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}