Мевлананын Месневисинен

  • Дене рухтун жардамы менен кыймылга келет, бирок биз рухту көрө албайбыз. Рухту дененин кыймыл-аракетине жараша гана баалай алабыз.
  • Билгиле, рух океан болсо, дене анын көбүктөрү гана.
  • Адамды денесине гана карап баа бербе, ал чирип жок болот. Адамдын жан дүйнөсүнө үңүлүп кара, ал сүйкүмдүү жана жагымдуу экенин көрөсүң.
  • Сен дене деген жумуртканын ичиндеги керемет бир кушсуң, жумуртканын ичинен чыкмайын эч качан уча албайсың. Эгер дене деген жумуртканын кабыгын сындырып, сыртка чыга алсаң гана рухту, жан дүйнөнү табасың.
  • Дене деген капаста калган рухту сыртка чыгарууну каалабоо, бул – караңгылык.
  • Эй, жаш адам, эгер, эгонун формуласын билгиң келсе, тозок жанан анын жети эшиги тууралуу оку.
  • Тозок бул, напси. Тозок от чачкан дракон сымал, анын от чачкан аракетин бүтүн деңиздердин суусу менен да өчүрө албайсың.
  • Өзүн өтө сүйгөн адам, башка бирөөнүн күнөө кылганын көргөн убакта, ичинде тозок отунан да алоолонгон от пайда болот да, ал адамга “динге текебердик кылган адам” деп баа берет. Бирок, өзүнүн каапыр экендигинен кабары жок.
  • Ууру сыяктуу болгон эгонун (напси) иштери менен алектенгенди токтот. Жараткандын иштеринен башка, баардык нерсе бопбош.
  • Акылдын эки түрү бар: биринчиси өзүң аракет кылып, үйрөнгөн акыл; сен аны мектеп окуучусу сыяктуу китептерден, мугалимдерден, ойлордон, адаттардан, терминдерден жана илимден үйрөнөсүң. Акылың башкалардан көп болот, бирок, акылыңдын “оордугунан” чарчайсың. Экинчи акыл болсо, Жараткандын насип кылган ихсаны. Анын булагы рух.  Көңүлүң бузулган учурда анын булагы бузулбайт дагы, эскирбейт дагы, өңүн да өзгөртпөйт. Үйрөнүлгөн акыл сырттан үйгө карай аккан арык сыяктуу. Жолунда бир тоскоол пайда болсо үйгө карай агып кирбей калат. Сен ичиңдеги нурду изде. Эки акылдын ортосундагы карама-каршылыктардын айырмасын бил.

Которгон Муратбекова Айнек

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}