Менин милдетим адамдарга жакшылык кылуу

Чыгыштын бир өлкөсүндө акылы өлкөгө күн сыяктуу жарык берген өкүмдар жашаптыр. Анын көсөмдүгү менен байлыгына пенде аттуудан эч бир жан теңеле алган эмес. Бир күнү эле өлкө кызматында жүргөн бир атка минер өң-алаттан кетип, падышага минтип кайрылат:

— Оо, улуу султан, сен биздин өлкөдөгү эң кеменгер, эң улуу, эң күчтүү адамсың. Сенин колуң өмүрдүн узарышына да, өлүмдүн жакындашына да себепчи боло алат. Бирок мен шаарларды, айыл-кыштактарды аралап жүрүп, өзүң жөнүндө элден түрдүү кептерди угам. Кээ бирөө сени даңктап жатса, кээ бирөө сени жерге киргизе жамандап, шыбап жатат. Алар сенин акылдуу чечимдериңди сындап, кылган иштериңди келекелеп жатышат. Оо, урматтуум, сенин мамлекетиңде ушундай ээн ооздук болуп жатканын кандай түшүнсөк болот, — дейт. Султан акырын жылмайып, буга мындай деп жооп узатты:

— Менин өлкөмдөгү көпчүлүк сыяктуу эле, карамагымдагы калкка кылган кызматымды сен деле билесиң. Өлкөнүн бардык дубандары мага баш иет. Менин жүргүзгөн саясатым менен баарынын иштери жүрүшүп, көпчүлүгү бай адамдарга айланышты. Адамдар мени калыстыгым үчүн сыйлашарын да жакшы билем. Албетте, менин колуман көп нерсе келери тууралуу сен туура айтасың. Чоң-чоң шаарлардын дарбазасын жаптырып койгонго кудуретим жеткени менен, душмандарымдын оозун жабуу такыр колуман келген жок. Мен тууралуу кимдир бирөөлөр кандай гана жаман сөздөрдү айтпасын, өлкөмдөгү адамдарга жакшылык кылууну, кызмат кылууну гана мен эң маанилүү нерсе деп эсептейм, — деген экен.

Талгат Деркембаев

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}