Бардык иште бир жакшылык бар

         Падыша жаш кезинен бирге чоңойгон досунан  ар дайым айрылбай чогуу жүрөт. Падышанын бул досунун башкалардан айырмаланган мүнөзү бар эле. Өзүнүн башына болобу же башканын башына болобу жакшы же жаман болгонуна карабай бардык окуяга ар дайым «Мында да бир жакшылык бар!» деген сөздү айтат.

Күндөрдүн биринде падыша досу менен аңчылыкка чыгат.  Досу куралдарды даярдап берип, падыша  аң уулайт. Куралдарды даярдоодо досу кандайдыр бир катачылык кетирип, падыша атып жатканда, ок туура эмес атылып, падышанын баш бармагы жараланып, үзүлүп кетет. Аны көргөн досу ар дайымкыдай «Мында да бир жакшылык бар!» деп жиберет. Падыша оорууга чыдабай ачууланып: «Мында кандай жакшылык болсун?! Бармагымдан айрылганымды көрбөй жатасыңбы?» деп кыйкырат. Ачууга алдырып, досун зынданга таштоого өкүм кылат.

Арадан бир жыл өткөндө, падыша бир нече жигиттери менен каннибалдар (адам жегичтер) жашаган кооптуу жерде аң уулашат. Каннибалдар аларды туткундашып, өздөрү жашаган айылга алып барышып, колдорун, буттарын байлашат. Айылынын ортосуна отун жыйнашып, отундардын ортосуна   адамдарды байлашат да эми эле отту күйгүзөйүн дегенде, падышанын баш бармагы жок экенин байкап калышат. Алардын ишеними боюнча дене мүчөлөрүнөн кемтик болгон инсанды жешпейт. Эгер кемчиликтүү адамды жесек башыбызга жамандык, кыйынчылык келет деп ишенишет эле. Ошол коркуу менен падышаны чечип жиберишет.

Сарайына кайтканда, кутулуусунун себеби баш бармагынын жок болуусу экенин түшүнгөн падыша, көп жылдык досуна жасаган мамилесине өкүнөт. Тезинен зынданга барып, зындандагы досун чыгарып: «Туура айткан экенсиң, баш бармагымдан айрылуумда чын эле жакшылык бар экен. Ошол себептен сени зынданга таштап, сага туура эмес жерден жаза бергеним үчүн кечирим сурайм» — дейт. Досу адатынча: «Кечирим суроонун зарылчылыгы жок. Анткени, мында да бир жакшылык бар эле!» деп жылмаят. Падыша: «Өз досун бир жыл зынданга таштоодо кандай жакшылык болсун?» деп сурайт дагы таң калып. «Эгер мен зынданда болбогонумда сени менен аңчылыкка чыкмакмын, туурабы? Менин дене мүчөмдө кемчилигим жок болгондуктан каннибалдар мени алып калышмак да, сени эркиндикке чыгарышмак. Башыбызга келген ар бир иште бир жакшылык бар досум!» — деп жооп берет.

 

Жашаганды билбеген, жашоонун баркын кетирет.

 Макал

Түбөлүккө өлбөйм десең сен эгер,

ачык сүйлөп, ак ишиңди улай бер.

Ж. Баласагын

Кеткенге кейибегин көз жаш төгүп,

кайрат кыл, колдо барга көңүл бөлүп.

Асади Туси

Өмүрдүн берекесижакшылык иште.

Харис

Даярдаган Өкөнбаева Турдугүл

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}