Океандагы бир тамчы

Океанды жээктеп келе жаткан жаш жигит, алыстан бир караанды байкады. Ал караан жерден бир нерселерди алып, кайра сууга ыргытып жаткан өңдүү. Ал бул кыймыл-аракетин кайра-кайра кайталап жатты. Жаш жигит жанагы караандын жанына жакындап келип караса, ал адам жээкке толкундар түртүп салган деңиз жылдыздарын сууга ыргытып жатканын көрдү. Жаш жигит, жанагы адамдын жанына жакын басып келип:

— Өзүмө тиешелүү эмес ишке кийлигишип жатканым үчүн кечирим сурайм. Бирок, сиз эмне кылып жатасыз, мага кызык болуп жатат, деп сурады.

— Мен толкун жээкке сүрүп салган деңиз жылдыздарын кайра океанга ыргытып жатам, эгер алар кургакта калып калса, өлүп калат эмеспи,-деп жооп берди жанагы киши жай гана.

— Ошондойбу! Бирок бул жээкте жүздөгөн ал тургай миңдеген деңиз жылдыздары бар да. Сиз баарын кантип сактап каласыз? Анын үстүнө бул эле жээкте эмес океандын арткы тарабында канчалар жээкте жатат. Сиз жалгыз эч нерсе өзгөртө албайсыз,-деп таң калды жаш жигит.

Жанагы киши жылмайып, жерден бир деңиз жылдызын алды дагы, аны сууга ыргытып жатып:

— Бирок, бул деңиз жылдызы үчүн көп нерсени өзгөртө алам!-деп жооп кайтарды.

“Куриный бульон для души” китебинен

Которгон: Айнек Муратбекова

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}