Оптимизмдин 12 принциби

  1. Жашоодогу эң мыкты мугалим — бул тажрыйба. Албетте баасы кымбат, бирок жеткиликтүү түшүндүрөт.
  2. Эгерде катаны оңдоого дагы деле мүмкүнчүлүк бар болсо, демек, сиз али ката кетире элексиз. Алга!
  3. Сиздин ишмердүүлүгүңүздү жактырбаган бирөө дайыма табылат. Бирок, мындан эч кабатырланбаңыз. Сиз баарына жагууга милдеттүү эмессиз.
  4. Тез-тез таштандыдан арылып туруңуз! Челектеги, башыңыздагы, жашооңуздагы!
  5. Эгерде иштериңиз жакшы жүрүшпөй жатса — сиз жөн гана алар менен кошо жүрбөңүз.
  6. Менин жашоомо кирип келип, аны кереметтүү кылган адамдарга ыраазычылыгымды билдирем. Жана да, менин жашоомдон чыгып кетип, жашоомду дагы да жакшырткандарга ыраазычылыгымды билдирем.
  7. Сиздин тынчыңызды алгым келбейт, бирок, менде баары эң сонун.
  8. Кыйынчылыктарга чалынбайм! Мен алардын үстүндө бийлейм!
  9. Эгерде кимдир бирөө сизге ачууланып же капаланып жатса, анда укмуш позитивди ага «жаадырып» көңүлүн көтөрүңүз.
  10. Жаштыктын рецепти баяндайт: «Майда-барат нерселерге да суктаныңыз жана жакшы эмес адамдар үчүн кабатырланбаңыз!»
  11. Өз жашооңузду ал сизди толук канааттандырып баштаган убакка чейин курууңуз кажет.
  12. Жана эсиңизде тутуңуз, эң жакшы күн — бул бүгүн!

Даярдаган: Шамшидин кызы Элнура

 

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}