ОРОЗО – ТАРБИЯЛООЧУ ЫЙЫК КҮЧ

Орозо – милдеттүү адамдардын атайын ниет менен таң аткандан күн батканга чейин жеп-ичүүдөн жана напси кумарларынан өзүн-өзү тыюусу.
Рамазан айындагы бир айлык орозо исламдын 5 парзынын бири болуп саналат. Мухаммед пайгамбар: “Ислам беш нерсенин үстүнө курулган. Алладан башка кудай жок. Мухаммед Алланын кулу жана элчиси экендигине күбөлүк берүү, намаз окуу, зекет берүү, Рамазан айында орозо кармоо жана чамасы жеткендер ажылыкка баруу”,- деп айткан.
Орозо – мусулман, акыл-эси толук жана балакат жашына келген (орточо 15 жаш) бардык адамдарга парз болуп эсептелет. Балакат жашына чейинки жаш балдар (7-15 жаш) туткан орозо да кабыл болот.

Орозо кармагандын эрки күчтүү болот. Мээ кайнаткан ысыкта таңдайы катып суусаса да, оозуна бир тамчы суу албайт.

ЭМНЕ ҮЧҮН ОРОЗО ЖЫЛ САЙЫН ТҮРДҮҮ МЕЗГИЛДЕРДЕ КАРМАЛАТ?
Биздин чөлкөм күн календары менен жашайт. Ал эми исламдын жыл санагы ай календары менен эсептелгендиктен, аны күн календарына салыштырганда 12 күнгө аз келет. Ошондуктан ар жылы Рамазан айы жылып отургандай сезилет. Жай мезгилине туш келген орозо башка мезгилдеги орозодой эле болот. Болгону, орозо кармаган адам чын ыкласы менен орозо кармап, ыйман келтириши керек.

ОРОЗО КАРМАБООНУН КЕЧИРИЛЧҮ СЕБЕПТЕРИ

  1. Сапарда болуу. Шарият боюнча жолоочу (үйдөн белгиленген аралык ж.б. шарттары бар) орозо тутпаса болот. Бирок орозону баштап койгондон кийин сапарга чыга турган болсо, анда орозосун тутууга туура келет. Эгер орозосун бузса, казасын гана орундатат. Жолоочулар үчүн эң жакшысы – Рамазан убагында орозо тутуу.
  2. Оорулуу болуу. Орозо тутууга тоскоолдук кылган кандайдыр бир сыркоосу болгон же болбосо орозо туткан маалда сыркоосу күчөй турган болсо, анда ал адам орозо тутпай койсо болот. Өтө катуу ачка болуу же денеде суунун жетишсиздигинен ден соолук начарлап бузула турган болсо, бул учурда дагы орозо токтотулат.
  3. Карылык.
  4. Кош бойлуу болуу же бала эмизүү. Кош бойлуу аял орозо тутканда баласына же өзүнө зыян келе турган болсо, анда орозо тутпайт. Тутулбай калган күндөрүн кийинчерээк орозо кармап толуктайт.
  5. Согуштагы аскерлерге орозо тутпоого уруксат.
  6. Кыйноо же коркутуу сыяктуу нерселерге дуушар болгондор ооздорун ачса болот.

ОРОЗОНУ ЭМНЕЛЕР БУЗАТ?

  • Билип туруп бир нерсе жеп-ичүү;
  • Жыныстык байланышта болуу;
  • Атайылап кусуу орозону бузгандыкка барабар.

ОРОЗОНУ ЭМНЕЛЕР БУЗБАЙТ?

  • Эсинде жок жеп-ичүү, билбестен жыныстык катнашта болуу.
  • Кан алдыруу.
  • Тиш пастасын этияттык менен колдонуу, бирок суу кекиртектен ары өтпөшү керек.
  • Көзгө дары тамызуу, сурма коюу.
  • Тиш жулдуруу орозого кедерги туудурбайт. Бирок кан же дары сыяктуулар ичке жутулбашы абзел.
  • Ооз менен мурунга суу алып чайкоо, тек гана сууну жутпаш керек.
  • Сергүү үчүн жуунуу, сууда сүзүү же нымдалган кийим кийүү. Сууда сүзгөндө ооз-мурундан кекиртекке суу кирбөөсү зарыл.
  • Ушак-айың, жалган сүйлөө сыяктуу арам иштер орозону бузбайт. Бирок буларды жасаган адам оор күнөөгө батат.
  • Кекиртекке ыш, түтүн же ун, топурак, цементтин чаңы кирсе, чымын кирип кетсе.
  • Эрксиз кусуу ооз толтура болсо да орозону бузбайт.
  • Ооздун ичиндеги, мурундун ичиндеги түкүрүк-какырыкты жутуудан орозо бузулбайт.
  • Күндүзү уктап калганда түшүркөп бел суусу аккандан орозо бузулбайт.
  • Кулакка суу кирсе.
  • Тиштер арасында калган тамак калдыгы төө буурчактан кичине болсо жана ал жутулса, орозону бузбайт. Анткени майда тамак калдыктары түкүрүк сымал каралат.
  • Гүл, байчечекей сыяктуу жыттуу нерселерди искөө.

ОРОЗО КАРМАП АРЫКТАЙМ ДЕЙСИЗБИ?
Орозо айында организм чегинен тышкары иштесе да адам арыктабайт. Анткени орозо денеге керектүү азык-заттардын өз өлчөмүндө болушун талап кылат.
Орозо айында аз да болсо кээ бир адамдарда күтүлгөн арыктоо орозо кармоодон эмес, уйкусуздуктан жана эс алуу убактыларынын азайышынан улам пайда болот.
Кээде адам орозо кармоодон улам семирип кетиши да мүмкүн. Анткени орозо тамакты бат сиңирүүгө ыңгай түзөт. Орозо учурунда адамдын тамакка болгон табити көбүрөөк ачылып, тамак сиңирүү системасы жакшы иштей баштайт. Ашказан бош болуп турганда дене дайыма жеңил болуп, жакшы иштейт.

ОРОЗОГО КАЧАН, КАНТИП НИЕТ КЫЛЫНАТ?

  • Орозодо түн киргенден баштап, эртеси күн так төбөгө келгенге чейин ниет кылса болот.
  • Күн так төбөгө келгенден кийин ниет кылуу убакыты бүтөт.
  • Күн бата электе эртеңки күн үчүн ниет кылынбайт. Эртеңки күнгө ниет кылуу үчүн күн батып, түндүн кирүүсү зарыл.
  • Орозо убагынын ар бир күнүнө өз-өзүнчө ниет кылынат.
  • Рамазан орозосуна “орозо кармоого ниет кылдым” деп айтуу жетиштүү болот. Бирок бул ниет чын жүрөктөн айтылышы кажет.

КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН АЙЫ
Рамазан – кечирим, мээримдүүлүк, береке жана жакшылыкка толгон убакыттардын эң касиеттүүсү, он эки айдын эң кайрымдуусу. Ошондуктан бул айда чын ниети менен Аллага тобо келтирип, жалбарган адамдардын күнөөлөрү кечирилет. Рамазан айында орозо кармагандын касиети ушунчалык көп жана берекелүү. Ошондуктан ал соопторду ар кандай өлчөм-ченемге сыйдыруу мүмкүн эмес. Орозо кармаган адам өзүнүн колу-бутун, көз-кулагын, тилин жаман нерселерден сактай билүүсү, башкача айтканда, арам нерселерден коргонуусу, бирөөлөр менен талашып-тартышпоосу зарыл.

СААРЛЫКТА ООЗДУ БЕКИТҮҮ ДУБАСЫ:
“Навайту ан асуума савма шахри рамадана минал фажри илал магриби, халисан лиллахи тьала, Аллаху акбар”.

Кыргызча мааниси:
“Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн таң аткандан күн батканга чейин Рамазан айынын орозосун кармоого ниет кылдым, Аллаху акбар”.

ИФТАРДА ООЗДУ АЧУУ ДУБАСЫ:
“Аллахумма лака сумту, ва бика ааманту, ва алайка таваккалту, ва алаа ризкика афтарту, фагфирли ма коддамту ва маа аххарту, бирохматика йа архамар роохимиин”.

Кыргызча мааниси:
“Аллахым, өзүң үчүн орозо кармадым, өзүңө чындап ишендим, өзүңө таяндым, өзүң берген ырыскы менен ооз ачуудамын, баштан-аяк кетирген ката, күнөөлөрүмдү кечир”.
Рамазан айынын 26-27не караган түн – Кадыр түн.
Көрсөтүлгөн убакыттар Бишкек убактысы менен берилди. Ош аймагы 15 мүнөт кийин.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}