Падышанын тандоосу

Жалган айтуу туура эмес. Бирок, айрым учурларда жакшылык үчүн айтылган жалган менен адамдын өмүрү сакталып, урушкандар жарашып, тынчтык орношу мүмкүн…

Падыша колундагы туткундарынын бирөөсүн кылган күнөөсү үчүн өлүм жасазына тартууга өкүм кылат. Туткунга өлүм алдында акыркы сөздөрүн айтуу мүмкүнчүлүгүн берет. Туткун өлүмдөн башка жол жок деген ой менен ачууланып падышага эң жаман сөздөрдү айтып акаарат келтирет. Падыша туткундун айткандарын анын тилин билген вазирине которуусун айтат.  Ак ниет, боорукер вазир туткундун акаарат сөздөрүн «Мен ката кетирдим. Падыша катары мени кечирүүңүздү суранам. Жараткан кечиримдүүлүктү жана кечиримдүүлөрдү жакшы көрөт» деп которот. Падыша бул сөздөрдү угуп туткунду кечирип, эркиндикке чыгарат. Бирок, туткундун тилин түшүнгөн дагы бир вазир бул окуяга кара ниеттүүлүк менен каршылык көрсөтүп:

— Падышам, туткун сизге карата эң жаман сөздөрдү айтты. — дейт. Падыша оор басырыктуу болуп:

— Сенин айткан акыйкатыңдан, биринчи вазирдин которгон жалганын артык көрдүм. Сенин сөздөрүңө көңүл бурбайм. Туткунга эркиндик берүү чечимимди өзгөртпөйм. — дейт.

Которгон Өкөнбаева Турдугүл

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}