Профессордун сабагы

Студенттер пенсиядагы профессорду зыярат кылууга барышат жана  өздөрүнүн көйгөйлөрүн айтышып кеңеш сурашат. Профессор чоң ийгиликтерди багындырган студенттерине кофе даярдоо үчүн ашканага кирет. Бир мезгилде формасы, түсү, сапаты ар түрдүү болгон кружкалар тизилген чоң табакты көтөрүп келет. Студенттерге кружкаларга кофе куюп алууларын айтат. Студенттер кофелерин алып отурушканда проффессор мындай дейт: «Эгер байкаган болсоңор, эң кооз жана кымбат көрүнгөн кружкаларды тандап алууга аракет кылдыңар жана жөнөкөй, арзан көрүнгөн кружкалар артып калды. Албетте эң кооз кружкаларды алууңар нормалдуу көрүнүш, бирок, бул мага айткан көйгөйлөрүңөрдүн себеби болуп саналат. Барыңарга керектүү нерсе кружка эмес, кофе болгонуна карабай, бири-бириңердикинен  дагы да жакшы кружканы алууга аракет кылдыңар. Жашоо – кофе болсо, иш, мансап, байлык – кружка сыяктуу жана булар бир гана жашоону кармоочу каражат болуп саналат. Каражат болгон нерселерге карап жашоонун мааниси өзгөрбөйт. Айрымдар кружканын кооздугуна гана көңүл буруп жатып, ичиндеги кофенин даамын сезбей калышат.»

Которгон: Өкөнбаева Турдугүл

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}