Сиздин колуңузда

Өздөрүнүн акылдуулугу менен таанылган, чөйрөсүндөгүлөрдү таң калтырган ага- ини бир туугандар болгон экен. Чөйрөсүндөгү жана мектебиндеги билимге канааттанышпагандыктан аларды атасы ал мезгилдеги эң таанымал, улуу олуяга алып барат. Бир туугандар олуяга көптөгөн суроолорду беришип бардык суроолоруна эң жакшы жоопторду алышат. Ага аябай ыраазы болгон ага-инилер бир нече убакыт олуянын жанында жүрүшүп андан көп нерсе үйрөнүү үчүн атасынын макул болуусун суранышат.

Олуяга берген суроолоруна алган жоопторуна канчалык кубанышса да, бир нече убакыт өткөн соң тажашат. Олуя жооп бере албай турган суроо ойлоп табуубуз керек деп ойлонушат. Иниси кубанып таптым дейт. Бир көпөлөк кармайм да олуяга барып, алаканымдагы көпөлөк жандуубу же жансызбы деп сурайм. Жансыз десе көпөлөктү учуруп жиберем, жандуу десе алаканымды акырын кысып, көпөлөктү өлтүрөм. Кайсы жоопту айтпасын, анын берген жообу туура болбойт дейт.

Көпөлөктү алаканына салып, колун олуяга сунуп, сурайт:

— Алаканымдагы көпөлөк жандуубу же жансызбы? Олуя баланын көздөрүнө кадала карап, жооп берет:

— Ал сенин колуңда, кулунум! Сенин тандооңдо!…  Сүйүүң, келечегиң, жаштыгың, жашооң, бактылуулугуң, бүт баарысы… Сенин колуңда! Сага байланыштуу!

Котормо

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}