Сүйүүнүн 40 эрежеси

Шамс Тебризи: «Сүйүүнүн 40 эрежеси»

  1. Өзүбүздү кандай билсек, Жаратканды да ошондой тааныйбыз. Кудай дегенде коркулуучу, уялуучу Зат келсе оюңа, демек сени коркуу жана уялуу сезимдери ээлеп алган. Жок, эгер, Кудай дегенде алгач эле сүйүүнү, мээримди түшүнсөң, анда сенде да бул сапаттар көп.
  2. Акыйкат жолдо жүрүү –жүрөктүн иши, акылдын иши эмес. Жол башчың ар дайым жүрөгүң болсун, акылың эмес. Напсиңди таанып билүүчү бол, өчүрүп жок кылуучу эмес.
  3. Куранды төрт даражада окууга болот. Биринчиси, (захирий)сырткы мааниси. Экинчиси, (батыний)ички мааниси. Үчүнчүсү, ички маанинин ичиндеги маани. Төртүнчүсү, ушунчалык терең, аны түшүндүрүүгө сөздөрдүн күчү жетпейт.
  4. Ааламдагы ар бир нерседен Аллахтын сапаттарын табууга болот. Анткени, Ал мечитте, чиркөөдө эмес, бардык учурда, бардык жерде. Аллахты көрүп жашаган болбогондой, Аны көрүп өлгөн да жок. Ким аны тапса, түбүлүккө Аны менен бирге болот.
  5. Акыл менен сүйүү окшош эмес. Акыл сергек. Этияттык менен кадам таштайт. Бир гана өзүн ойлойт. А сүйүү андай эмес. Ал өзүнөн кечүүнү каалайт. Акыл жеңилдик менен сынбайт. Сүйүү болсо өзүн кыйнайт, жүдөйт. Бирок, казына ураган, талкаланган жерде болот. Кымбат нерселер кыйынчылык көргөн жүрөктөн табылат.
  6. Бул дүйнөдөгү талаш-тартыш, таарынычтын баары тилден чыгат. Сен сөздөргө көп берилбе. Сүйүүдө тилдин өкүмү өтпөйт. Сүйүү тилсиз болот.
  7. Бул жашоодо жалгыз калып, бир гана өзүңдүн үнүңдүн жаңырыгын угуу менен акыйкатты таба албайсың. Өзүңдү бир гана башка бирөөнүн айнасында толук көрө аласың.
  8. Башыңа кандай күн келсе да үмүтсүз болбо. Бардык эшиктер жабылса да, соңунда эч ким билбеген жерден Ал сага бир эшик ачат. Сен азыр көрө албасаң да канчалаган тар жолдор Бейиш бактарына алып барат. Шүгүр кыл! Каалаган нерсеге ээ болгондо шүгүр кылуу оңой, сен каалаганың ишке ашпай калганда да шүгүр кыла алууну үйрөн.
  9. Сабыр кылуу, жөн эле отуруп күтүү эмес, келечекти көрө алуу. Сабыр эмне? Тикенге карап гүлдү, караңгы түнгө карап күндүздү көрө алуу. Аллахты сүйгөндөр сабырдын түбү сары алтын экенин түшүнүшөт. Жаңырган айдын толуусу үчүн убакыт керек экенин жакшы билишет.
  10. Чыгышка, Батышка, Түндүккө же Түштүккө болсун, кайда барбагын, ар бир сапарыңды ичиңе көздөй кеткен саякат деп ойло. Өзүнүн ичине сапарга чыккан киши, жолдун акырында ааламды көрө алат.
  11. Кош бойлуу аял толгоосуз төрөттүн болбошун билет. Ичиндеги баланы бооруна басуусу үчүн жан чыдагыс ооруга көз жумат. Сенден жаңы Сен төрөлүүсү үчүн кыйынчылыктарга, азаптарга даяр болууң керек.
  12. Сүйүү бир сапар сыяктуу. Бул сапарга чыккан ар бир жолоочу кааласа да, каалабаса да өзгөрөт. Бул жолго чыгып, өзгөрбөй калган эч ким болгон эмес.
  13. Бул жашоодо асмандагы жылдыздардан да көп санда жасалма мугалим, ажы, олуя, шейх бар. Чыныгы мугалим/муршит сени өзүңдү кароого, напсиңди ашып өзүңдөгү сулуулуктарды табууга багыттайт. Өзүнө гана суктанып, аны ээрчүүңдү каалабайт.
  14. Жараткан туш кылган өзгөрүүлөргө каршы болуунун ордуна моюн сун. Жашоонун агымына каршы эмес, жашоонун агымы менен бирге ак. Тынчым бузулат, жашоомдун асты үстүнө келет деп коркпо. Кайдан билесиң, балким жашоонун асты үстүнөн жакшыраактыр.
  15. Аллах ичте жана сыртта бардык учурда барыбызды бирме-бир толуктоо менен алек. Ар бирибиз толукталбаган, бүтпөгөн бир эмгекпиз. Башыбызга келген ар бир окуя, ар бир кубулуш кемчиликтерибизди толуктоо үчүн даярдалган. Жараткан кемчиликтерибиз менен бирме-бир алектенет, анткени, адамзат деген эмгек кемчиликсиздикти максат кылат.
  16. Жаратканды сүйүү оңой. Анткени, Ал Кемчиликсиз. Ал эми катасына, кемчилигине карабай пенделерди сүйүү оор. Эсиңде болсун, бир нерсени канчалык сүйө алсаң, ошончолук тааный аласың. Демек, Жараткандын урматы үчүн жаратылганды сүйө албасаң, Кудайды да, пендени да тааный да, сүйө да албайсың.
  17. Чыныгы кир сыртта эмес, ичте, денеде эмес, жүрөктө. Жүрөктүн сыртындагы ар бир кир канчалык жаман көрүнбөсүн, аны суу менен жууса тазаланат. Канча жуусаң да тазалоого болбогон кир, жүрөктөгү көрөалбастык менен кара ниеттүүлүк.
  18. Бүткүл аалам ошончо сыры жана чыры менен адамдын ичинде сакталган. Шайтан – сыртыбызда бизди адаштыруу үчүн күткөн коркунучтуу макулук эмес, ичибиздеги үн. Шайтанды өзүңдөн изде, сырттан, башкалардан эмес. Унутпа, өзүн билген, Кудайын да билет. Башкалар менен эмес, өзү менен алектенген адам соңунда сыйлык катары Жаратканды табат.
  19. Өзүңдү өзүң барктамайынча, сени эч ким барктабайт. Өзүн сүйбөгөн сүйүлбөйт. Сен өзүңдү сүйгөн кезде дүйнө жолуңа тикенек төшөсө, кубана бер. Анткени, ал тикенектер жакындап калган розалардын кабарын билдирет.
  20. Жолдун соңу кайда барарын ойлонуу, пайдасыз иш. Сен бир гана биринчи кадамды таштоого милдеттүүсүң. Биринчи кадам ташталса, жолдун соңу да келет.
  21. Ар бирибиз ар түрдүү сапаттарга ээ болдук. Эгер, Аллах бардык адамдардын бирдей болуусун каалаганда, албетте ошондой жаратмак. Түрдүүлүктү сыйлабоо, өзүнүн акыйкатын башкаларга таңуулоо Жараткандын ыйык мыйзамын урматтабоо болуп саналат.
  22. Аллахты чын сүйгөн пенде шарапканага кирсе, ал жер намазкана болот. Ал эми араккеч намазканага кирсе, ал жер шарапкана болот. Бул жашоодо эмне кылбайлы ниетибиз менен айырмаланабыз. Сүрөтүбүз, сырткы көрүнүшүбүз менен эмес.
  23. Бул жашоо колубузга карматылган түркүн-түстүү жана аманат оюнчук сыяктуу. Айрымдар оюнчукка ушунчалык берилишип, ал үчүн ыйлашат, кайгырышат. А башка бирөөлөр оюнчукту алып эле сындырып тынышат. Же ашыкча баалайбыз же баалабайбыз. Аша чабуудан алыс бол. Сопу кемтик да кылбайт, аша да чаппайт. Ал ар дайым орто жолду карманат.
  24. Эгер адам жаратылгандардын эң мыктысы болсо, анда ал баскан ар бир кадамында Жараткандын жердеги «халифи» — орунбасары экенин эстеп, ошого ылайыктуу аракеттенүүсү керек. Адам жакырлыкка, дооматка кабылса да, камалса же кулга айланса да башын тик көтөрүп, көңүлүн тынчтандырып Жараткандын орунбасарындай болуудан тайманбоосу керек.
  25. Бейишти жана Тозокту сөзсүз эле келечектен издебе. Экөөсү тең ушул учурда, ушул жерде. Качан гана бирөөнү пайда күтпөй, кызыкчылык көздөбөй жана эсепсиз сүйө баштасак Бейиштебиз чынында. Качан гана бирөө менен урушуп-талашсак, жек көрсөк, көрөалбастык кылсак Тозокко кулайбыз ошол замат.
  26. Чындыгында Аалам бир дене, бир зат сыяктуу. Бардык нерсе көрүнбөгөн жиптер менен бир-бирине байланган. Эч качан башка бирөөнүн көңүлүн оорутпа. Башканын, өзгөчө өзүңдөн алсыздын жүрөгүн жаралаба. Унутпа, дүйнөнүн бир бурчундагы бир пенденин кайгысы бүткүл адамзатты бактысыз кылуусу мүмкүн. Ошондой эле, бир адамдын кубанычы бүткүл адамзытты бакытка бөлөөсү мүмкүн.
  27. Бул дүйнө бир тоо сыяктуу, ага кандай сөз айтсаң, ал да сага ошону жаңыртып кайтарат. Оозуңдан жакшы сөз чыкса, жакшы сөз жаңырат, жаман сөз чыкса, жаман сөз жаңырат. Андыктан, ким сенин артыңдан жаман сөз сүйлөсө, сен ал киши жөнүндө кырк күн, кырк түн жакшы сөз сүйлө. Кырк күндөн кийин баары өзгөргөн болот. Сенин көңүлүң өзгөрсө, дүйнө да өзгөрөт.
  28. Өткөн чагыбыз мээбизди каптаган боз туман сыяктуу. Келечек болсо, өзүнчө эле кыял пардасы сымал. Келечегибизди да биле албайбыз, өткөн өмүрүбүздү да өзгөртө албайбыз. Акылман адам учурду туура жашайт.
  29. Тагдыр жашообуздун алдын ала жазылгандыгы эмес. Ошондуктан, эмне кылмак элек, тагдырга жазылганы ушул экен деп үмүтсүз болуу караңгылыктын белгиси. Тагдыр жолдун толугун эмес, багыттарын гана белгилейт. Баруучу багыт белгилүү бирок, бурулуштар жана адашуулар жолоочунун эркинде. Демек, жашоонун ээси да, айласыз баш ийген кулу да эмессиң.
  30. Чыныгы акылман адам башкалар тарабынан сындалса, ушакталса, жамандалса да, жада калса дооматка калса да башкалар жөнүндө жаман сөз айтпайт. Акылман кемчиликтерди көрүп жар салбайт, кемчиликтерди жаап жашырат.
  31. Жаратканга жакындаша алуу үчүн жүрөк бархаттай болуусу керек. Ар бир адам кандайдыр бир себеп менен жумшактыкты үйрөнөт. Кимдир бирөө кырсыкка кабылат, айрым бирөө дабаасыз дартка чалдыгат, дагы бирөө ажырашуу азабына малынат же жокчулукка жолугат… Баарыбыз жүрөктү жумшартуучу ар түрдүү окуяларды башыбыздан өткөрөбүз. Бирок, айрымдардын жүрөгү бул окуялардан сабак алып жумшаса, айрымдардыкы тилекке каршы таштай  катат.
  32. Жаратканга тунук сүйүү менен байлануу үчүн ортоңордогу пардаларды ач. Эрежелериң болсун, бирок, эрежелериңди башкаларды четтетүү, бөлүү, соттоо үчүн колдонбо. Өзгөчө сыйынуучу буттардан узак бол жана эч качан өзүңдүн чындыгыңды бут кылба. Ишенимиң улуу болсун, бирок, ишенимиң менен өзүңдү улуу сезип, текеберленбе.
  33. Бул дүйнөдө баары бир жерге чыгууну, жогору болууну каалап жатканда сен жөнүкөйлүктү танда. Бул дүйнөдөн өтүп кеткенде баары артта каларын, маанисин жоготорун эсиңде сакта. Андыктан, жок болууга даяр бол. Биз ваза сыяктуубуз. Вазаны тик тургузган сыртындагы кооздук эмес, ичиндеги боштук болуп саналат.
  34. Жаратканга баш ийүү алсыздыкты билдирбейт. Тескерисинче мындай моюн сунуу күчтүүлүктү талап кылат. Жаратканга моюн сунган адам чайпалган сууларда тебеленүүдөн баш тартып, ишенимдүү жерде жашоону тандайт.
  35. Бул жашоодо бизди окшоштуртар эмес, каршылык жана тоскоолдуктар өстүрөт. Ишенген адам ичиндеги ишенбестиктер менен, ишенбеген адам ичиндеги үнсүз жаткан ишеним менен жүздөшүүсү керек. Инсан-и Камил (толуккандуу/мыкты инсан) даражасына жеткенге чейин илгерилейбиз жана алдыбыздан чыккан ар бир каршылыкты жана тоскоолдуктарды кучактай алганда гана бышып жетилебиз.
  36. Амалкөйлүктөн, куулуктан коркпо. Эгер бирөөлөр сага тузак куруп, сага зыян берүүнү каалап жатса, Жараткан да аларга тузак даярдайт. Бирөөгө көр казгандар, казган көрүнө өздөрү түшүшөт. Ар бир иштин акыбети кайтат. Жакшылык да, жамандык та жоопсуз калбайт. Жараткандан кабарсыз жалбырак да кыймылдабайт. Сен бул эрежеге бекем ишен. Кудай эмне кылбасын, эң соңун сонун кылат.
  37. Жараткан кылды кырк жара тургандай калыстыкта иштеген саат устасындай. Ал ушунчалык так, ар бир ишти өз учурунда кылат. Бир секунд эрте да, бир секунд кеч да болтурбайт. Ар бир адам өз убагында ашык болот жана өз убагында каза табат.
  38. Жашоомду өзгөртүүгө даярмынбы деп суроо үчүн эч качан кеч болбойт. Канча жашта болгонубузга, башыбыздан кандай күндөр өткөнүнө карабай, толугу менен өзгөрүүбүз мүмкүн. Бир күн болсо да мурдагы күн менен окшош болсо, жоготуудасың. Ар бир демде жаңылануу керек! Жаңы жашоо баштоо үчүн өлүмдөн мурда өлүү керек!
  39. Бөлүктөр өзгөрүлсө да, бүтүн өзгөрбөйт. Бул дүйнөдөн өткөн ар бир уурунун ордуна бир жаңы ууру төрөлөт. Өлгөн жакшы адамдын ордуна башка жакшы адам келет. Бүтүн эч качан өзгөрбөйт. Баары өз ордунда калат жана экинчи күн биринчи күндүн дал өзүндөй болбойт. Дүйнөдөн өткөн Суфинин ордуна жаңы Суфи төрөлөт.
  40. Сүйүүсүз өткөн өмүр эсептелбейт. Кандай сүйүүнү тандоом керек, Кудайды сүйүүнүбү, өмүрдү сүйүүнүбү же адамды сүйүүнүбү деп сураба. Бөлүүдөн бөлүү гана жаралат. Сүйүү толуктоого да, сапатка да муктаж эмес. Сүйүү өзүнчө бир дүйнө! Же анын так ортосундасың, борборунда, же анын сыртындасың, алыста.

Которгон Өкөнбаева Турдугүл

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}