Сүйүү ар дайым мүмкүнчүлүк тартуулайт

Кайсыл жакта болбоңуз, кай жакка гана барбаңыз сүйүүнү жайылтыңыз. Алгач өз үй-бүлөңүздөн баштаңыз. Ата-энеңизди сүйүңүз анан балдарыңызды, анан жарыңызды, кошунаңызды. Сиз менен жолуккан ар бир адам бактылуу жана кубанычтуу кайтсын. Мээримдүүлүктүн жандуу өрнөгү болуңуз, сүйүүнүн таратуучусу болуңуз. Көзүңүздө мээрим, жүзүңүздө мээрим, жылмаюуңузда мээрим, саламдашууңузда мээрим болсун.

Колледжде социологиядан сабак берген профессор студенттери менен Балтимора кыштагына изилдөө жүргүзүү үчүн барышты. Алардын максаты кыштакта жашаган 200 аз камсыз болгон үй-бүлөдөн чыккан өспүрүмдүн ишин карап чыгуу эле. Студенттер өспүрүмдөрдүн кедейчилик жана криминалдуулук менен күрөшүүдөгү мүмкүнчүлүктөрүн такташы керек болчу. Жыйынтыгында ар бир изилдөө жүргүзгөн студент “Аларда бир дагы мүмкүнчүлүк жок” деген тыянак чыгарышкан.

Бул изилдөөдөн жыйырма жыл өткөндөн кийин социология илимдеринин профессору дал ушул макаланы окуп калат дагы өзүнүн студенттерине тапшырма берет. Бул изилдөөгө катышкан 200 өспүрүмдүн азыркы абалы тууралуу билүү керектелет. Тактап келгенде 200 өспүрүмдүн 20сы жер которуп башка жакка кетишкен, кээ бирөө каза болуп калышкан, а бирок калганы менен байланыш түзүлөт. Калган 180 өспүрүм бойго жетип жогорку кызматтагы кызматкерлер болуп чыгышат.

Профессор таң калуу менен бул ийгиликтин сырын үйрөнгүсү келет. Анткени жыйырма жыл мурун изилдөөнүн жыйынтыгында булардын ийгиликтүү жашоого жетиши мүмкүн эмес деген тыянак чыкпады беле?! Профессор алардын ар бирине жолугуп, суроо узатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Алардын ар бири “Биздин өзгөчө мугалимибиз бар болчу” деп жооп беришет. Профессор ал мугалимди дагы табат. Мугалим карып калса да көздөрү дагы деле жандуу жана мээримдүү эле. Профессор мугалимден сурайт:

— Бул өспүрүмдөрдүн жакырчылыктан кутулуп бул ийгиликке жетишинде кандай сыр бар, кандай формуланы колдонгонсуз? Мугалим жагымдуу жылмайып гана:

— Баардыгы жөпжөнөкөй. Мен ал жаш өспүрүмдөрдү өтө жакшы көрчүмун. Сүйүү менен сабак бергем,-деп жооп берет.

“Куриный бульон для души” китебинен

Которгон: Айнек Муратбекова

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}