Сөз берметтери

 

Сен бакытты издебесең, ал сени издеп келбейт.

 

Азаптан коркпо, анын артында бакыт бар!

 

Коркунучтуу деген үч нерсе бар:

Биринчиси — эмгектен ажыроо,

Экинчиси — махабаттан ажыроо,

Үчүнчүсү — өмүрдөн ажыроо.

 

Балалык кез — баарына умтулат,

Өспүрүм кез — дүйнөнү тааныйт.

Кырчын кез — ага кызыгат,

Толгон кез — анын доорун сүрөт.

Улгайган кез — анын өткөнүнө тамшанат,

Картайган кез — баарынын ыгына көнөт.

 

Башканы, мүмкүн алдайсың,

Өзүңдү кантип алдайсың.

 

Жан учса учар көөдөндөн,

Махабат калаар көңүлдө.

 

Жер кенени — дурус,

Эл кенени — ырыс.

 

Жаштын келечеги — алтын,

Карынын кечээкиси — алтын.

 

Сүйө билген жакшы,

А  сүйгөнү үчүн күйө билгени — ыйык.

 

Жүрөгүңдүн каалоосун,

Акыл менен туя бил.

Акылыңдын жетерин,

Жүрөк менен сезе бил.

 

Биринчи көзүң менен жетесиң,

Андан кийин өзүн жетесиң.

 

Жакшы жар менен бактылуу дооран сүрүү —

жердеги бейиш ошол өмүрдөгү.

 

Түшүңө да ишен,

Ишиңе да ишен.

 

Адам ишмердиги: башында болсо —  акылман,

Колунда болсо — иштерман,

Бутунда болсо- жөө күлүк.

Тилинде болсо — чечен.

 

Балаңды сүйсөң, балаңды тапкан адамды кошо сүй.

 

Күн сулууну алсаң да,

Күн тийгенче жатпагын.

 

Эрдин пейли көл болсо,

Аял пейли кең болсо,

Ал үй таалай менен тең болот.

 

Алып байыбайт, берип байыйт.

Алып акылдуу болбойт, берип акылдуу болот.

 

Тынчтык күндүн кадырын,

Дүрбөлөң түнү билесиң.

 

Адам арам ниети менен эч качан бакытка жетпейт.

 

Убакыт — акча эмес,

Убакыт — алтын да эмес.

Убакыт — дары да эмес,

Убакыт — өтүп жаткан чиркин өмүр!

Рысбаев Сулайман Казыбай уулу

«Сөз жөнүндө сөз» китебинен алынды

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}