Түбөлүктүү бакыт

Узун жолдо баратып «Жаңы лимонад» деген жазууну көрүп машинени токтоттум. Кичинекей магазин деп ойлоп карасам бир үй экен. Верандада кары абышка отуруптур. Машинеден түшкөнүмдө айланада эч ким жок эле. Абышка мага лимонад куюп берип, жанындагы отургучту көрсөттү. Айланасындагы ээн талаа, ачык асман, күндүн нуру  менен жагымдуу жана тынч жер экен.

Ал-абал сурашкандан кийин, бара жаткан сапарым жөнүндө айтып бердим. Мага үй бүлөөң барбы деп сурады. Жаңы эле баш кошконумду жана балалуу болууну күтүп жатканыбызды айттым. Үй бүлөөгө маани бергениме кубанганын билдирип, өзүнүн үй бүлөөсү жөнүндө айта баштады:

«Үй бүлөөлүү болуунун өзгөчөлүгү бар. Бир жубайың, балдарың жана ар дайым баруучу жылуу үйүң болот. Туура чечим чыгаруунун бактылуулугун жашап жатасың. Сенин жашыңдагы убагымды эстеп жатам.

Үй бүлөө курууда ийгиликтүү болорумду ойлогон эмесмин. Жашоодогу эң мыкты үй бүлөө болууга аракет кылдым. Жаш кезимде ата-энем мени жакшы көрүшөт эле, бирок, үй-бүлөө куруу, балалуу болуу, акырында урушуп ажырашуу мен үчүн коркунучтуу эле. Үй бүлөөнүн акыры ажырашуу менен бүтө турган болсо мындай кадамга барбаган жакшы дечүмүн.

Жаш кездеги жылуу сезимдер башымдан өткөнүнө карабай, сүйүүгө ишенбейт элем. Адамды жактыруу мүмкүн бирок, өмүр бою бир адам менен жашоо мүмкүн эмес деп ойлочумун. Колледжде бир кызды жактырчумун. Сезимдерибизди айтуудан коркконубуз үчүн жөн гана сүйлөшчүбүз. Кийин эң жакшы дос болдук. Колледжди аяктаганга чейин жакшы мамиледе болдук.

Үй бүлөөсүндө көйгөйлөрү бар эле. Аны ар дайым колдоого аракет кылдым. Ал сулуу да, акылдуу да кыз болчу. Группадагылардын баары аны менен үй бүлөө курууну каалашчу. Сени менен сүйлөшкөнүбүз ортобузда калат да. Андыктан, аны менен келечек курууну мен да каалаганымды айта берейин сага.

Колледжден кийин атасы чоң шаарга көчкөнүнө байланыштуу бир жыл көрүшпөй калдык. Ал университетте окуду. Мен да бейсбол ойноп ал жашаган шаарга бардым. Ошентип, көрүшө баштадык. Мени таштап кетүүсүнөн коркчумун, бирок, мамилебиз күн санап бекемделе берди. Университетти бүткөндө да бейсбол ойноону уланттым. Аны менен баш коштук, мындай болушуна ишене албайт элем.»

«Балалуу болдуңуздарбы?» деп сөзүн бөлдүм абышканын. «Албетте! Төрт балалуу болдук. Аларды окууга жибердик. Жашоодо өз ордуларын табууну үйрөттүк. Баары чоңойду. Алар да балалуу болушту. Балдарыбыз өз үйлөрүнө кетишти. Биз жаңы баш кошкондогудай кол кармашып эс алууга чыктык. Жыл өткөн сайын ага болгон сүйүүм бекемделди. Эч урушпадык дебейм. Урушкан күндөрүбүз да болду, бирок, чектен ашпадык. Жубайыма болгон сүйүүмдү сөз менен жеткирип айтып бере албайм. Бул сүйүү эч качан азайбады. Убакыт өткөн сайын күчөдү. Жашоодо көп өкүнүчтүү кадамдарды таштадым, бирок жубайым менен баш кошууда адашпадым.

Жашоо кээде кыйын болушу мүмкүн. Бүгүнкү жашоонун агымын түшүнүү үчүн бираз карыган болушум да мүмкүн. Бирок, өткөн өмүрүмө кайрылып көз чаптырып дүйнөдө сүйүүдөй күчтүү эч нерсе жок экенин айта алам. Акча, ач көздүк, жек көрүү… Эч бири сүйүүдөй күчкө ээ эмес. Сөздөр муну айтып жеткире албайт. Акындар, жазуучулар аракет кылышкан, бирок, толук айтып берүү мүмкүн эмес. Ар бир сүйүү өзгөчө, бирок, түшүндүрүүгө болбойт. Жубайымды аябай сүйдүм. Бул сүйүү кабырга кирсек да алгачкы күндөгүдөй жандуу калат.»

Колумдагы кружканы карады да, «Сени бул жерге токтоодогу оюңдан көбүрөөк кармап калдым, балам» — деп кечирим сурады. «Лимонад жакты деген үмүттөмүн» — деп жылмайды. Кетип жатканымда «Жубайыңды жана балдарыңды кадырлап, сүй! Аларды качан жоготушуңду билбейсиң!» — деп эскертти.

Машинемди көздөй баратып абышканын сөздөрү аябай таасирдүү деп ойлондум. Көп жыл мурда жубайын жоготкон го дедим, бирок ошого карабай жубайына катуу байланган эле. Буларды туш келген жолоочуга айтып берүүсү болсо, анын ушунчалык жалгыз экенин билдирип жатты.

Машинемди жүргүзүп баратып да абышканы ойлобой коё албадым. Бир мезгилде суусундуктун акысын төлөбөй кетип баратканымды байкап, артыма кайтып келдим. Кайтып келгенимде дагы бир машиненин токтогонун көрдүм. Веранданы карап абышканы таба албадым. Лимонад ичкен столдун үстүндөгү гүлдүн астына акчаны коюп жатып терезеге көзүм түштү. Абышка ошол жакта экен. Залда жубайы менен бийлеп жатыптыр. Ошондо гана абышканын жубайын жоготпогонун түшүндүм. Байбичеси түшкү убакытта гана сыртка чыккан экен.

Бул окуядан кийин көп убакыт өтсө да, ал абышканын сүйүүсүн ойлой берем. Ал экөөсүндөй бактылуу өмүр сүрүп, муну балдарыма, неберелериме өткөрүп бергим келет. Бир күнү жубайы менен залда бийлеген жана жашоодогу эң чоң күчтүн сүйүү экенин билген чоң ата болууну тилеп келем.

Которгон Өкөнбаева Турдугүл

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}