Убакытка тактыктын үлгүсү

Студенттерден убакытка так болууну талап кылган немец тил мугалими болот. Ал убакытка так болбогондорду кечирбей жазага тартат. Бир аптада кимдин канча мүнөт кечиккенин эсептеп, канча мүнөт кечиккен болсо ошончо мүнөт сабакта алып калат. Албетте бул мамиле курска убакыт табууда кыйналган ишчи студенттерге жакпайт. Бир күнү апталык кечигүүсү 18 мүнөт болгон студент:

— Мүнөттү эле эмес, секундаларды да эсептейин деп калдыңыз. Кийинки сабакта сиздин көңүлүңүз үчүн он мүнөт ашыкча отурам. Азыр өтө маанилүү ишим бар, кетүүгө уруксат этиңиз, -дейт ачууланып. Мугалим студентке кадала карап туруп:Болбойт. Анткени, маанилүү иштерге ушунчалык маани бергениңизде менин сабагымда 18 мүнөттүк кечигүүңүз болбойт эле. Себеби, сабак да сиз үчүн ар күнү келүүңүз керек болгон маанилүү иш эле. Ошондуктан, азыр кетпейсиз, 18 мүнөттүк сабак өтөм. –дейт.

Мугалимдин ушунчалык ачууланганына таң калган студент да сабактан чыкпай катышат. Мугалим бир брошюраны таратып көңүл буруп карагыла дейт. Брошюрада бир поезддин жүрүү убактысы 18:18, 21:38, жетүү убактысы 12:46, 09:26 сыяктуу ар башка убакыттарга жазылган болот. 18 мүнөттүк кечигүүсү болгон студент:

—  Бул убакыттар кандай логика менен жазылган? 18 же 38 мүнөт өткөндө деп жазбай эле, ар жарым саатта деп жазса болот да. Же ар сааттагы чейрек мүнөттө десе болмок. Ошондо, так да болмок жана адамдардын эсинде да оңой калмак, — дейт. Мугалим мусулман экени белгилүү болгон студентке мыйыгынан жылмайып:

— Мусулмандарга карап үйрөнүлгөн логика. Бул логикасыздыктын эмес, мусулмандардын тактыгынын белгиси. Анткени, биз убакытка тактыкты мусулмандардан үйрөндүк. Бул поезддин убактылары да мусулмандардын түшүнүгүнүн үлгүсү. Мусулмандардын ибадаттарында жер маанилүү эмес. Дүйнөнүн бардык жеринде ибадат кыла алышат. Бирок, убакыт абдан маанилүү. Анткени, ар бир ибадаттын өзүнүн убактысы бар. Жада калса ал убакыт ибадаттын негизги шарты болуп саналат. Ибадаттардын убактылары да поезддеги убакыт сыяктуу 18, 13 же 41 мүнөт өткөндө башталат. Кошумча бул убакыттар күн сайын өзгөрүп турат. Мусулмандан ар күнү өзгөрүп турган убакытка сергек мамиле кылышат, убакыттын маанилүүлүгүн түшүнүшөт жана аны туура пайдаланууга даярданышат. Мени бакытка так болууга шыктандырган себеп мына ушул. – дейт.

Которгон: Өкөнбаева Турдугүл

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}