Угуп кой…

Урап бараткан эски тамда өлбөстүн күнүн көргөн киши балдары менен жашайт. Ар күнү эрте менен жер тамына кайрылып: «Айланайын үйүм, сенден суранам, кулап калбагын, балдарымды сага таштап баратам!» деп дайындап балдарына тамак издеп чыгып кетет. Ошентип, күн артынан күндөр, ай артынан айлар чубалып өтөт. Күн санап жер тамдын ар жери көчүп, кулап баштайт. Аны көргөн үй ээси олуттуу маани бербей  көчкөн жерине ылай чаптап коюп эле, адатынча үйү менен коштошуп чыгып кете берет. Акыры бир күнү тамак таап келсе, үйү кулап, балдары да ичинде калган болот. Балдарынан да, үйүнөн да ажыраган байкуш азабына чыдабай «кулап калба, балдарымды сакта»,- деп дайындадым эле го, эми кантип жашайм деп үйүн к,

учактап өкүрүп ыйлайт. Анын күйүтүн уккан үй: «Сен мага дайындадың, бирок мени бир дагы угуп койбодуң. Мен кулап баратам, абайла деп ар жерим көчүп белги бердим. А сен болсо оозумду ачыра койбой, ылай менен жаап кете бердиң» деп тилге кирип кетет…

Атактуу орус жазуучусу Толстой «Башкалардын катасын жашап көрүп туураны табуу үчүн бул өмүр кыскалык кылат» деген экен. Үйүбүз кулап, балдарыбызыдан айрылып кала электе эсибизге келүүбүз зарыл.

Үйдүн кулаганы-өмүрдүн бүтүүсү, балдардан ажыроо-тирүүлүктө жакшылык кылуу мүмкүнчүлүгүн жоготуу болуп жүрбөсүн…

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}