Унутпа

Харун Рашиддин уулу Момунду бала кезинде мугалими таяк менен урган экен. Момун мугалиминен эмнеге урганын сураганда «Унчукпа!» деп жооп бербей коёт. Бираз сүйлөшкөндөн кийин дагы эмнеге урганын сурайт. Бул жолу да мугалим «Унчукпа!» деп суроосун жоопсуз калтырат. Арадан жыйырма жыл өтүп Момун халифа болот. Ошондо, эң алгачкы иши катары мугалимин чакыртып бала кезинде эмне үчүн аны себепсиз эле урганы жөнүндө сурайт. Мугалим жылмайып:  Ушунча жыл өтсө да унута элексиңби? – дейт. Халифа Момун такыр унутпаганын айтат. Мугалим тарыхка сабак боло турган төмөнкү сөзүн айтат:

«Зулумдук көргөн адам эч качан унутпайт экенин үйрөнүүң жана эч кимге зулумдук кылбооң үчүн урган элем. Эч качан эч кимге зулумдук кылба! Анткени, зулум жылдар өтсө да жүрөктө өчпөгөн от болуп сакталат».

Которгон Өкөнбаева Турдугүл.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}