Уолт Дисней: «Ар бир ийгиликсиздик жеңишке бир кадамга жакындатат»

Кедей  үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген  Уолт 14 жашынан баштап  эрте менен газета сатып, үй-бүлөсүнө жардам берип баштаган.  Ал эми анын сүрөт тартууга болгон кызыгуусу бала чагынан эле ойгонуп, мектептеги баалары төмөн болгонуна карабай сабак  убагында сүрөт тартуудан тажачу эмес.

Бой жеткен сайын сүрөтчү болуу каалоосу күндөн-күнгө күчөп , максатына жетүү үчүн, алгач короосунда мультфильм анимацияларын жасап баштайт. Арадан   аз убакыт  өткөн соң алгачкы компаниясын негиздеп  бирок, мульт серияларынын ийгиликсиздигинен улам компания банкрот болуп,  өтө жакыр абалга түшүп калган. Жадакалса, анын күнүмдүк  тамак-ашына, кийимге да акчасы калган эмес болчу, ага карабасатан  акыркы 20 долларын чөнтөгүнө салып, чемоданын колуна кармап, кайрадан баарын  башынан баштоо үчүн акыркы үмүтү Голливудга жол тартат. Ал эски гаражда кайрадан жаңы студия ачып, жашоосунда чоң бурулуш жасаган “Микки Маус” деп аталган  мульт каарманын жаратат.  Буга карабастан дистрибьюторлор бул идеяны колдобой, “Адамга окшоп сүйлөгөн чычканды кимдин көргүсү келмек эле?”- деп кайра-кайра баш тарткан. Алардын сөзүнө кирип , макул болуп калбай  Уолт баары бир өз идеясынан ишенимин жоготпой,  удаама-удаа эки жаңы мультипликацияларды жаратат. Ага  кошумча театр ээлери анын мультипликацияларын көрсөтүүгө кызыккан эмес эле. Максатына жетүү үчүн Дисней, жылдар бою карызга батып,  тобокел ишине кайдан акча табылар экен деп издеп жүргөн.

Акыры, дүйнөгө белгилүү каарманга айланган Микки Маусту тарткандан кийин гана , бул окуя ийгилигинин ачкысы болуп калды. Беделдүү 22  сыйлыкка ээ болгон Уолт Дисней көңүл ачуу индустриясында эң белгилүү адамдардын  бири болуп  тарыхта калды.

“Ар бир ийгиликсиздик жеңишке бир кадамга жакындатат. Эч качан аракетиңерди токтотпогула.”

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}