Уоррен Баффет ийгилик сырлары менен бөлүшөт

6 жашар Баффет 25 центке дүкөндөн бир таңгак Coca Cola алып, кайра анын ар бир 6 данасын  5 центтен саткан. Мына ушинтип жыйынтыгында 30 цент өзүнүн чөнтөгүнө түшүп, натыйжада Баффет эң алгачкы 5 цент болгон таза кирешесин алган.

Ийгиликтүү инвестор жана дүйнөдөгү алдыңкы бай адамдардын катарын толуктаган Уоррен Баффет ийгилик сырлары менен бөлүшөт:

  1. Байлык — бул жан дүйнөнүн абалы. Мен ар дайым бай болорума ишенчүмүн жана бул тууралу эч кандай күмөнүм жок болчу.
  2. Ийгилик – бул банкта канча суммадагы эсебиң бар экендигинен дагы жогору нерсе. Адамдын ийгилиги материалдык байлык менен өлчөнбөйт. Качан адам карыган убакытка жетип, айланасына көз чаптырганда, аны жакын жана жакшы көргөн адамдары курчап турса, мына дал ушул ийгилик. Сенин бул учурда банктык эсебиңдеги сумма маанилүү эмес. Ошондой эле сүйгөн ишиңди кылуу жана аны эң жогорку деңгээлде аткаруу да, ийгилик. Мен өздөрү жаман көргөн иш менен алектенген ийгиликтүү адамдарды тааныбайм. Жактырбаган иш менен алектенген адамдарды жашоо шылдыңга алат.
  3. Кирешеңерден чыгашаңар аз болсун. Сиз эч качан финансы жактан ийгиликтүү адам боло албайсыз эгер, акчаңыздын кайда кетип жатканын контролдой албасаңыз. Уоррен Баффет миллионер болсо дагы жөнөкөй жашоону тандаган: ал дагы деле 1958-жылы 31800 долларга сатып алган үйүндө жашайт, ошондой эле эски Lincoln маркасындагы авто унаасын колдонот.
  4. Кумир тутуу үчүн туура адамдарды тандаңыз. Убактыңызды сиз мыкты деп эсептеген адамдар менен өткөрүңүз. Бул сиздин туура багытта болуу үчүн жардам берет.
  5. Кумар оюндары бул – акылсыздар үчүн. Биринчи эреже – эч качан акчаңды коротпо. Экинчи эреже – эч качан биринчи эрежени унутпа.
  6. Канча акча тапсаң, ошончо берешен бол. Мен тааныган миллиардерлердин эч кимисин акча эч таанылгыстай кылып өзгөрткөн жок. Эгер де эле алар миллиардер болгонго чейин акылсыз болуп, кийин эле миллиардер болсо демек, акылсыз миллиардер болгондон башка эч нерсе өзгөргөн жок.

Көп нерсеге ээ болуу үчүн көп нерсе берүүнү да билүү керек деп ишенет, Уоррен Баффет. Баффет ошондой эле кайрымдуулук менен алектенген филантроп катары дагы таанымал. Ал кайрымдуулук тарыхындагы эң чоң сумманы (30 млрд доллар) Билл жана Мелинда Гейтстердин фондуна которгон.

Даярдаган Муратбекова Айнек

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}