Уулум жана мен

Мындан бир нече жыл мурда уулдуу болуп абдан кубандым. Ал кезде алдыма койгон максаттарым, иштерим менен алек болчумун. Уулум мен үйүмдөн алыста жүргөнүмдө кадам таштап, тили чыгып, сүйлөп калды. Убакыттын өтүүсү менен чоңоюп: «Ата, мен да сиздей болгум келет, чоңойсом сиздей болом!» — деди. Телефон чалып, үйгө качан келесиз, сизди сагындым деп бат-бат сурай берчү. Мен качан барышымды билбейм, бирок, барганымда экөөбүз чогуу эс алабыз деп жүрүп, күн артынан күндөр өтүп, уулум он жашка чыкты. Ага топ белек кылганымда, белек бергениңиз үчүн чоң ырахмат! Атаке келиңиз, сиз менен бирге топ ойногум келип жатат деди. Бул апта бүтүрүшүм керек болгон иштерим бар, аптанын аягында ойнойбуз дедим уулума. Жылмайып, «Макул, атаке, мен дагы сизге окшоп иштегим келет.» — деди.

Арадан жылдар өтүп, уулум мектепти да, университетти да аяктады. Ал учурда башка аталар сыяктуу мен дагы уулум менен сыймыктандым. Бирге олтуруп, тамактанып, сүйлөшүп отуралы дедим. Уулум достору менен жолугууга сөз бергенин айтып, сиз менен кийинчерээк сүйлөшүп олтурабыз деди. Убакыт куштай учуп, ишкердик жашоом аяктап пенсияга чыктым. Бош убактым көп болуп, үйдө отуруп калдым. А уулум башка шаарда иштеп, ошол жакта жашап калды. Күндөрдүн биринде телефон чалып, «Уулум убактың болсо апта аягында үйгө кел, мен сени сагындым!» — деп чакырдым. Уулум: «Макул, атаке! Бара алсам жакшы болмок. Бош убакыт тапсам эле барам. Бирок, ушул күндөрү иштерим аябай көп. Мен дагы сизди сагынып жүрөм!» — деди. Айласыздан макул болуп, «Качан келе аласың?» — деп сурадым. «Качан барарымды анык айта албайм, сиз кабатыр болбоңуз, убактым болушу менен барам. Азыр иш боюнча жолугушуум бар эле, кийинчерээк өзүм байланышам. Жакшы туруңуз, атаке!» — деп телефонду коюп койду. Ошол кезде уулумдун жаш кездеги тилеги ишке ашканын түшүндүм. «Ата, мен да сиздей болгум келет, чоңойсом сиздей болом!» — деген балалык кыялынын орундалганына күбө болдум…

 

Даярдаган Өкөнбаева Турдугүл

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}