Уулунун сынагынан өтпөй калган ата-эне

Вьетнам согушунан үйүнө кайтып бара жаткан аскер Сан-Франциского жеткенде ата-энесине телефон чалып, ал-абал сурашкан соң:
— Ата, апа, үйгө кайтып жатам. Уруксат берсеңиздер, досумду да үйгө алып барайын?-дейт. Ата-энеси кубанып:
— Макул, балам! Келгиле! Досуң менен таанышууну каалайбыз!- деп жооп айтышат. Уулу:
— Бирок, алдын ала айтышым керек. Досум согушта оор жаракат алып, бир колунан жана бир бутунан ажырады. Анын бизден башка бара турган жери жок. Анын биз менен бирге болушун каалайм. Бизден башка жардам бере турган жакыны жок. -дейт. Мындай кабарды күтпөгөн атасы:
— Досуң үчүн терең кайгыдабыз. Балким, анын башпаанек табуусу үчүн жардам беребиз, — дейт. Капалана түшкөн уулу:
— Жок, ата. Ал биз менен гана жашашы керек! – дейт шашып. Атасы кайрадан:
— Уулум, сен бизден эмнени сурап жатканыңды түшүнбөй жатасың. Биздин өз жашообуз бар. Андай адам биздин башыбызга оор жүк болот. Сен ал досуңду унутуп, үйгө кайт. Ал башына түшкөнүн көрөт, — дейт. Атасынын бул сөздөрүн уккан уулу таарынып, телефонду өчүрөт. Ата-эне уулунан көпкө чейин кабар ала алышпайт. Бир нече күндөн кийин Сан-Франциско шаарынын полициясынан телефон чалышып:
— Уулуңар бийик имараттан боюн таштап, көз жумду. Ал өз жанын кыйыптыр, — деп айтышат. Бул кабарды уккан ата-эне оор кайгыруу менен тезинен Сан-Франциского жетип барышат жана уулунун денесин текшертүү үчүн шаардагы моргго кайрылышат. Жанындай көргөн жалгыз уулунун жансыз денесине жабылган ак шейшепти ачып, «Ооба, бул биздин уулубуз»,- дешет кучакташып. Ата да, эне да сүйүп өстүргөн жалгыз уулунун жансыз жатканына чыдай албай ыйлашат. Ошол кезде уулу жөнүндө мурда билишпеген нерсеге да күбө болушат. Уулу согушта бир колун жана бир бутун жоготкон экен.  Ата-энесине бир колун, бир бутун жоготкон деп досу жөнүндө эмес өзү жөнүндө айткан болот.

Которгон Өкөнбаева Турдугүл

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}