Уяңызды абайлаңыз

Уясындагы балапандарына азык табуу үчүн асман тиреген аскаларда учуп бараткан бүркүт жердеги адамдардын эт бышырып жатканын көрүп, «Кыйналып азык издегенден көрө ушул адамдар бышырып жаткан эттен эле алып уяма кайтсам жеңил болмок»,- деп ойлонот. Ошол кезде кокусунан акылман үкүнү эстей калып, ал жакты көздөй учуп жөнөйт. Үкүнү акылман деп билген бүркүт:
-Айтчы акылман үкү, азыр мен уурулук кылсам уурулугумдун акыбети качан кайтат?-дейт. Акылман үкү:
-Кырк күндөн кийин. Кырк күн өткөн соң кылган күнөөңдүн азабын тартасың, — деп жооп берет.
Акылманынын жообун уккан бүркүт «Азыр этти уурдасам кырк күнгө чейин балапандарым учканды үйрөнүшүп, уядан чыгып кетишет. Мен өз күнүмдү өткөрөм. Бул күнгө чейин да көп эле эт уурдадым. Башыма эч кандай оор күн келген жок»,- деп ойлонот. Ошентип, отто бышып жаткан этке карай учат. Чоң этти алып тездик менен уясына жетет. Балапандары менен уурдалган этти бөлүшүп жеген соң кайрадан учуп жөнөйт. Алыстап учуп баратып, уясынан чыгып жаткан кара түтүндү байкайт. Кайтып келгенде уясынын күйүп күлгө айланганын көрөт. Уурдалган этке жабышып келген кичинекей чоктон өрт чыккан эле…  Балапандарынан ажыроонун оор азабына чыдабай акылман үкүгө барып:
-Уурулугумдун акыбети кырк күндөн кийин кайтаарын айткан элең, этти жеп бүтө электе балапандарым күлгө айланды, дейт. Кайгылуу бүркүткө боору ооруган үкү:
-Мындан мурда да уурулук кылдың беле?- деп сурайт. Бүркүт:
-Ооба, уурдагам. Эмне болуптур?- деп жооп айтат. Акылман үкү:
-Бул ошол уурулуктарыңдын жазасы, жаңы уурулугуңдун азабын кырк күндөн кийин көрөсүң!- дейт. Бүркүт башын көтөрө албай өкүнүп, кайгыга батат. Өкүнүч жана кайгы уясын кайтара албайт.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}