Философ, дарыгер жана илимпоз Ибн Синанын алтын сөздөрү

Батышта «Авиценна», Батышта да, Чыгышта да «Дарыгерлердин султаны» деген наам менен аты чыккан Ибн Синанын (толук аты Абул — Али ал-Хусейин ибн Абдуллах ибн ал-Хасан ибн Али Ибн Сина) философия, медицина жана жалпы эле илим тарыхында тоодой орду бар. Анын өмүрү жана жазган эмгектери жөнүндө көптөгөн китептер жазылган. Канчалаган илимпоздор анын эмгектеринен таасирленип, пайдаланып, илимий даражаларга ээ болушкан… Ибн Синанын эмгектеринен алынган төмөнкү накыл сөздөр жан дүйнөбүзгө азык жана шам чырак болсун.

  1. Билим менен санат баалабаган өлкөнү таштап кетет.
  2. Дабаасыз дарт – жакшынын жаманга муктаж болуусу.
  3. Сыйга татыктуу болгон эң улуу нерсе – акыл менен адеп-ахлак.
  4. Калем – буюмдардын эң пайдалуусу. Бир шише сыя бир капчык алтындан жакшыраак.
  5. Мен өгүздөн корком, анткени, анын куралы бар, бирок, акылы жок.
  6. Көп уйку адамды акмак кылат, өтө аз уйку акылдын тең салмактуулугун жоготот.
  7. Дүйнө – эс алуучу, оюн зоок жер эмес.
  8. Дүйнө эли акылы бар, дини жок жана дини бар, акылы жок адамдар болуп экиге бөлүнөт.
  9. Өмүрдүн кеңдиги узундугунан маанилүү.
  10. Эч ким көрүүнү каалабаган адамдай көр эмес.
  11. Өзүнүн ким экенин билген адам, өзүнүн ким экенин билбегендердин сөздөрүнөн таасирленбейт.
  12. Эрксиздиктен башка шыпаасыз оору жок, таанылбаган/билинбеген өсүмдүктөн башка пайдасыз өсүмдүк жок.
  13. Медицина илимин кыскача түшүндүрүүгө болот. Аз же! Жегенден кийин аш болгонго чейин оозуңа эч нерсе алба! Анткени, шыпаа –тамактын сиңирилүүсүндө. Тамактын үстүнө тамак жеп алуу ден соолукту бузат. Ошондуктан, ден соолук менен оорунун себептерин билүүбүз керек.
  14. Руханий кыялдануу күчү бар. Бул күч ооруну пайда кыла алгандай, бар болгон ооруларды да жок кыла алат. Дене бул күчтүн буйруктарын аткарууга мажбур.
  15. Жакшылыктын беш шарты бар: тез болуусу, жашыруун болуусу, аша чабылбоосу, тынымсыз болуусу, ордунда болуусу керек.
  16. Жакшы сапаттар адатка айланганда бакыт төрөлөт.
  17. Акылы көп адам убакыттын тардыгынан зыян тартпайт.
  18. Жакшылыктан башка байлык тааныбайм.
  19. Ойлонбой окуу пайдасыз, окубай ойлонуу зыяндуу.
  20. Дарыгерге муктаж болбоо үчүн эмне кылуу керек? – Аз же, аз укта, аз сүйлө жана ар ким менен ээрчишип жүрө бербе.

Даярдаган Өкөнбаева Турдугүл

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}