Чуркоону баштоо үчүн 9 себеп

Байыркы грек калкынын мындай сөзү кездешет: Эгер күчтүү болгуң келсе-чурка, эгер сулуу болгуң келсе- чурка, эгер акылдуу болгуң келсе-чурка. Кандай таамай айтылган сөздөр.

  • Чуркоо, жүрөк жана кан тамырлардын иштөөсүн жакшыртат. Чуркоо учурунда жүрөк булчуңдары ишке келип, жүрөктүн күчтөнүшүнө себеп болот, натыйжада журөктүн ишмердүүлүгү жакшырат.
  • Чуркоо, кандагы кычкылтектин сыйымдуулугун арттырат. Чуркоонун натыйжасында жүрөк бир айлампада, чуркабаган учурга караганда көп өлчөмдө кан айланууну камсыз кылат. Кандын айлануусунун жогоруулоосу – кычкылтектин жогорулоосу демек. Ар бир тканга жана органга кадимкиге караганда жетиштүү өлчөмдө пайдалуу кычкылтек менен сугарылган кан жетет.
  • Чуркоо, нервдик чыңалууну алдын алат. Стресс жана чарчоо кун ичинде адамдын организимде кичинеден таасир бере берип, аягында жетиштүү өлчөмдө болгондо, адамга терс таасирин берет. Андыктан организмде чогулган чыңалууну чыгаруунун бир жолу тердөө. Ал эми тердөө үчүн чуркоо эң натыйжалуу көнүгүү.
  • Адамдын организмине оң күч келгенде, ал эндорфин гормонун бөлуп чыгарат. Бул гормон “бакыттын гормону” деп да аталат. Качан эндорфиндин концентрациясы канда көбөйгөн учурда, адам жеңил эйфорияга кабылат. Эндорфиндин алдында депрессия өз таасирин жоготот.
  • Чуркоо, акылдын активдүүлүгүн жогорулатат. Активдүү тренировка учурунда кычкылтекке каныккан кан, борбордук нерв ситемасынын ишмердүүлүгүнө да оң таасир берет. Анын натыйжасында мээ дагы ишмердүүлүгүн жакшыртат.
  • Системалуу түрдө чуркоо, иммунитеттин жогорулашын шарттайт. Чуркоо учурунда канда эритроциттер жана гемоглабин да артат. Чуркоо маалындагы күч келүүдө канда холестерин азаят, ачкалыкты сезүү төмөндөйт, иче-карындын моторикасы жакшырат. Организмде аталган алмашуулардын жүрүүсү менен дененин массасы нормалдашат.
  • Кундун каалаган учурунда чуркоо өз пайдасын берет. Таңкы чуркоо – уйкудан турган организмдин гармонияга кайтып келүүсун камсыз кылса, кечки чуркоо — чыңалууну жоюп, организмди эс алдырып, ашык аппетиттен куткарат, анын натыйжасында мыкты уйку тартуулайт.
  • Окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак, чуркоо учурунда боордун ткандарында регенерация жүрөт. Ошондой эле чуркоо өттүн ишмердүүлүгүнүн жакшырышына да алып келет.
  • Күн сайын чуркоо таяныч-кыймыл аппаратына да оң таасир берет. Муун жана булчуң ткандарынын дегенеративдүү алмашуусуна алып келет. Анын натыйжасында ткандар да жаңыланат.

Даярдаган  Муратбекова Айнек

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}