Чыныгы жароокерлик

Ооруканага оор абалда бир кызды алып келишет. Бул оорулуунун жашоодо калуусунун бир гана жолу бар эле. Ал беш жашар инисинин эжесине кан берүүсү. Дарыгер беш жашар балага эжесинин өмүрүн сактап калуу үчүн кан берүүгө макулдугун сурайт. Кичинекей бала бираз ойго батып терең дем алат да «эжемдин өмүрүн сактап калуу үчүн макулмун» дейт. Дарыгер колунан кан алып эжесине куюп жатканда эжесинин көздөрүн карап жылмаят. Эжесине кан куюлары менен жүзү кызарып жанданат. А баланын жүзү бозоро баштайт. Дарыгер баланын титиреген үн менен «Дароо эле өлөмүнбү?» деген суроосуна таң калып, көзүнөн жаш тегеренет. Көрсө беш жашар бала эжесине канын эле эмес, кан менен кошо бүт өмүрүн берем деп туура эмес түшүнүп алган экен…

Которгон Өкөнбаева Турдугүл

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}