Чыныгы өрт өчүрүүчү

26 жаштагы эне лейкемия оорусу менен жабыркап, акыркы күндөрүн жашап жаткан баласынын жанында турат. Жүрөгү кайгы-муңга толсо да, чындыкты билсе да үмут деген өчпөйт экен го. Башка баардык ата-энелер сыяктуу эле ал дагы баласынын аман-эсен чоңоюп, кыялдарын орундатса деп тилейт. Эми бул мүмкүн эмес. Анткени баардык ойлорду талкалады. Ага карабай, эне баласынын кыялын орундаткысы келет. Уулунун колунан кармап:

— Уулум, сен чоң жигит болгондо ким болооруңду ойлоп көрдүң беле?-деп сурады.

— Апаке, мен ар дайым өрт өчүрүү кызматкери болгум келчү.

Энеси жылмайып, “анда кел сенин кыялыңды орундаталы” деди.

Ошол эле кунү эне Феникс шаарынын өрт өчүрүүчү кызматынын бөлүмүнө келип, өрт өчүрүүчүлөр жетекчиси Боб менен таанышат. Чындыгында Феникс шаары кандай кенен болсо Бобдун жүрөгү да дал ошондой кенен экен. Эне Бобго баласынын азыркы абалын жана акыркы кыялы тууралуу айтып берет. Баласы алар менен биргеликте өрт өчүрүүчү кызматтык унаада кварталды бир кыдырып чыкса болобу деп суранат. Ошондо Боб мындай сунуш киргизди:

— Келиңиз, андан жакшысын кылалы. Сиз уулуңузду жума күнү таңкы саат жетиде алып келиңиз, ал биз менен бир күн бою ардактуу кызматкер катары кызмат кылсын. Участокту айланып, биз менен кошо тамактанып, керек болсо өрт өчүрүү убагында да биз менен бирге болсун. Эгер макул болсоңуз сиз бизге уулуңуздун кийим өлчөмүн калтырып коюңуз, биз жума күнгө чейин ага чыныгы өрт өчүргүчтөрдүн формасын тиктирип берели. Дал биз кийип жүргөндөй: башына Феникс шаарынын эмблемасы бар каска, бутунда резика өтүк жана жаандан коргоо үчүн сары плащ.

Үч күндөн кийин өрт өчүрүүчу кызматтык унаада Боб баланы алып кетүү үчүн келет. Анын менен катар балага кызматкердин формасы кийгизилет. Баланын кубанычында чек жок эле, сөз менен түшүндүрүп берүү кыйынчылык туудурат. Ал күнү үч аймакта өрт өчүрүү үчүн сигнал түшөт, бала болсо кызматкерлер менен үч аймакка чейин барат. Керек болсо “Тез жардам” кызматынын унаасына да түшөт. Кечинде аймактын жергиликтүү телеканалынын репортеру бала тууралуу репортаж жасайт.

Кыялынын орундалышы, сүйүү, мээрим жана жылуу мамиле тагдыры тайгаланып бара жаткан баланын өмүрүнүн узарышына себеп болду. Бала доктурлар айткан күндөн 3 ай узак өмүр сүрдү. Бир күнү баланын абалы күтүүсүздөн туруктуу начарлап кетти. Медайым баланын туугандары менен биргеликте өрт өчүрүүчү кызматкерлерге болгон жакындыгын эстеп, аларды дагы чакырды. Жетекчи Боб:

— Келиңиз, андан жакшысын кылалы. Биз кызматтык унаа менен 5 мүнөттө барып калабыз. Сирен үнүн укканда бейтапкананын ичине ички жалпы байланыш аркылуу эч кандай өрт жок экенин, болгону өрт өчүрүүчу кызматкерлер өзүнүн эң мыкты кызматкерине келе жатканын айтып койгула.  Ошону менен бирге баланын палатасынын терезесин ачып койгула, деп өтүндү.

Дал беш мүнөттөн кийин, өрт өчүрүүчү кызматтык унаа бейтапкананын алдына келип, шатысын 3 кабаттагы баланын терезесине чейин узартып, 16 кызматкер – 14 мырза жана 2 айым терезе аркылуу кирип келишти. Баланын апасынан уруксаат ылып, алар ар бири баланы кучактап, аны абдан жакшы көрүшөөрүн айтышты. Бала Бобду карап, жылмайып:

— А мен чын эле чыныгы өрт өчүргүч болдумбу? — деп сурады

  • Дал ошондой, ардактуу кызматкер, — деп жооп берди Боб.

Бала болсо акыркы жолу алсыз жылмайды жана көзүн түбөлүккө жумду.

“Куриный бульон для души” китебинен

Которгон: Айнек Муратбекова

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}