Шүгүр келтирүү

Бар экен, жок экен, мындай бир окуя болуптур. Илгери өткөн заманда бир кедей жашаптыр. Кедейдин бир гана кесиби болгон: ал кечке тоодон отун терип, базарга алып келип сатып жан бакчу имиш. Саткан отунуна бир токоч нан, бир чөйчөк сүт келчү экен. Ошол нанын жеп, сүтүн ичип, эртеңки күнгө камынып, кайра тоого отун тергени барып жашоосун улантат.

Кедей тоого барган жолдон ар убак пайгамбарга сыйынып өтчү. Ар бир күнү жолдо бара жатып, пайгамбарга жолугуп, учурашып, ал-жайын сурап, андан нары жолун улаган жакшы адаты бар болчу. Ошентип кедей бир күнү пайгамбарга суроо узатты:

–Оо пайгамбарым кудайга айтып барчы, мени кайсы күнөөм үчүн жазалап жатат. Кудай эмнеге мага байлык бербеди? Базарда алдамчылар, алып сатарларды, кудайга акарат кетирген адамдарды көрбөдү, жазалабады да, анан эмнеге мага азап берип койгон? Кайсы күнөөм үчүн? Саткан отунума  жарытылуу курсак да тойбойт, эмнеге мени жаратканым жактырбады?

Пайгамбар кедейдин тагдырын сурап билүүгө сөз берип, экөө эки тарапка жол улайт. Эртеси пайгамбарга жолдон жолугуп кедей собол узатат:

– Эмне деди?

– Шүгүр дегин, кудайга шүгүр дегин, – пайгамбардын болгон жообу ушул болду.

Көп нерсени күткөн кедей нааразы болуп:

– Ошол сенин кудайың адилетсиз экен, – деп күбүрөнүп алып жолун улайт.

Дагы күндөрдүн биринде ал жолдон пайгамбарга учурап, дагы баягы суроосун узатат:

– Кудайым качан мага байлык берет? Качан мен жакшы жашап, курсагым тоёт? – деп кудайга нааразы болгон  суроосун кайрадан кайталады.

Кийинки күнү дагы жол карап отуруп, пайгамбарга учурап, кайрадан эле андан баягы кудайга “шүгүр кылсын” деген сөзүн угат. Кедей пайгамбарга нааразы болуп:

— Мен сенин кудайыңа ишенбей туруп, эмнеге шүгүр дейин? Бул дүйнөдө дегеле акыйкат жок болсо, мен кайсы байлыгыма ыраазы болоюн? – деп күбүрөнгөн бойдон тоону көздөй жол тартты.

Кедей жаратканга абдан нааразы болду. «Кайсы жакшылыгыңа шүгүр дейм? Ушул жашка жетип ачка жүргөнүмөбү же курсак тойбогон бир чөйчөк сүт, бир токоч нангабы, же тоодогу үңкүр үйүмөбү? Сенде дегеле акыйкаттык деген жок экен!» Ушул нааразы сөздөрү менен отун чогултат, жонуна артып алып, базарга келгиче дагы баягы нараазылыгын уланта берет. Отунун сатып, сүт-токочун жеп, кайра отунга тоону карай жол тартканда деле капалыгы тарабай, сүйлөнүп баратты.

Күндөрдүн биринде кедей тоодон отунун жонуна артып келе жатса, суунун жээгинде бир чал отурат. Чал кедейге карап, тигил өйүзгө өткөзүп коюусун суранат. Кедей отунун жерге коюп, чалды жонуна мингизип алат. Суунун жээгине келгенде кедей чалды түш дейт, бирок чалдан эч жооп жок. Чал кедейдин мойнунан кучактап алып, карышкан бойдон өлүп калган экен. Кедей жонундагы чалды түшүрүүгө ар кандай айла издейт, бирок эч таппайт. Аскага, ташка, талга сүйкөнөт, чал бошобойт да түшпөйт. Кедейдин айласы кетип, курсагы ачканынан отунун сүйрөп базарга келсе, ал жердегилердин баары качат. Чалдын сасык жытынан отунун да сата албай, карды ачып, суусап, кайра тоого жөнөйт. Көзүнө тоодогу булактын суусу илинип, эмне болсо да ошол суудан ичип өлүүгө даяр болуп тоону карай кете берет. Ачка алсыраган кедей жөрмөлөп отуруп, отун терип жүргөн жердеги тоодогу булакка жетип, бир ууртам суу жутат да, оозунан биринчи жолу «шүгүр» деген сөзү чыгат. «Өх, кудайга шүгүр!» – деп жибергенин ал өзү да байкабай калат. Ошондо аркасындагы чал шалак этип түшүп калат. Кедей сүйүнгөнүнөн: «Кудайга шүгүр!» – деп ыраазы болуп, чалды жерге көмүп, пенделик парзын аткарат.

Андан кийин ал отун терип, кайрадан базарды көздөй жөнөйт. Отунун сатып, сүт-токочун жеп, кудайга шүгүрчүлүгүн айтып , көп күн башынан кечирет. Ошондой шүгүрчүлүк кылган күндөрдүн биринде жолдон бир ачка аял өлүм алдында жатканына туш болот. Кедей ага токочунун жарымын сындырып берип, сүт уурттатат. Аял ыраазычылыгын билдирип:

– Мени өзүң менен кошо тоого ала кет, – деп өтүнөт.

– Мени аял кылып ал, мен да отун теришем, барар жерим, эч кимим жок…

Кедей аялды карап, боору ачып:

– Бир чөйчөк сүт менен бир токоч нан, кудайга шүгүр, экөөбүзгө жетет, – деп, аялды тоодогу үңкүрүнө алып барат.

Кедей отунун сатып, бир токоч нанын, бир чөйчөк сүтүн аялы менен бөлүшүп, экөө чогуу жашап калат. Бир күнү кедей отунун сатып, токоч, сүт алса, бир тыйын акчасы артып калат. Кедей таңгалып, аны аялына көрсөтөт. Аялы андан базардан жүн сатып келүүсүн өтүнөт. Кедей алып келген жүндү аялы ийрип, андан байпак, жоолук токуп, эрине сатууга берет. Кедей базарда отун, жүн байпак, жоолук сатып, аялы экөөнүн кедейлик турмушу оңолуп, алар байлык топтой баштайт.

Бир күнү пайгамбар үйүр жылкыны көрүп, жылкычылардан:

– Бул үйүр жылкы кимдики? – деп сурайт.

Жылкычылар:

– Кудайга шүгүрдүкү! – деп жооп берет.

Пайгамбар андан нары уйчу, койчу, дыйкандардан сураса, баары тең:

– Кудайга шүгүрдүкү! – дей берет.

Пайгамбар тоодогу чоң үйгө, ак сарайга келип, баягы отун терип саткан пендеге жолугат. Пайгамбар кедей менен учурашып:

– Кандайсың, пендем?

– Кудайга шүгүр!

– Ден-соолук, мал-жан аманбы?

– Кудайга шүгүр! – деп жылмаят.

Пайгамбар кедейге жолдон жылкычы, уйчу, койчуларга жолукканын айтып, акырында суроо узатты:

– Бул мал-дүйнө сеникиби?

– Ооба, кудайга шүгүр! – деп жооп кайтарат.

Пайгамбар кедейдин сый-урматына, жөнөкөйлүгүнө ыраазы болуп кетет. Жолдо бара жатып анын жараткан кудайга сүйүүсү артып, ичинен өзүнчө ыраазы болот. Кедейге жазбаган байлыкты аялына жазып, шүгүрчүлүктү кедейге бергенин ал ой калчап аңдайт.

Чынында эле биз бул окуядагыдай барчылыкка ыраазы болуп, алты саныбыздын  амандыгына шүгүрчүлүк кылуубуз керек окшойт, анткени жандүйнөбүз ток пейилибиз кенен болсо жараткан өз ырыскысын тартуулайт эмеспи…

Темирлан Бейшенов

 

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}