Эверестти багынтуу

1953-жылы 29-майга чейин дүйнөдөгү эң бийик Эверест чокусуна эч ким чыкпаган болчу. Ал чокуну алгачкы жолу Эдмунд Хиллари багындырган. Аны «Time» журналы ХХ кылымдагы эң таасирдүү 100 адамдын катарына кошкон. Киллари Эверест чокусун багындыруу оңой болбогондугун өзүнүн “High Adventure” китебинде жазган. Ал 1952-жылы Эверестке чыгууга аракеттенип, бирок чокусуна жете алган эмес.

Аны Англиянын бир мектебине конокко чакырышат. Эдмунд Киллари Эверест чокусуна чыга албаганын айтып бергенден кийин дубалда илинип турган Эверест чокусунун сүрөтүн карап бир канча убакыт үн катпай турат да, сүрөткө карай туура басып барып муштумун жогору көтөрүп:

«Эй! Эверест! Мени биринчи жолу чыкканымда жеңдиң, кабыл кылам. Бирок, сени менен ишим бүткөн жок. Дагы чыгам, бул кез чокуңа чыгам!» дейт.

Аны таң калыштуу абалда карап турган окуучуларга кайрылып, бир жылдан кийинки боло турган ийгилигинин сырын: “Досторум! Эверест мени жеңгени үчүн улуу. Бирок анын улуулугу өзгөрүлбөйт, а менин ишенимим, аракетим жана күчүм күн санап арта берет!” деп түшүндүрөт.

Бир жылдан кийин Эдмунд Килларинин күн санап арткан ишеними жана аракети жемишин берип, Эверест чокусун  биринчи жолу багынткан адам болуп тарыхта из калтырат.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}