Эненин көзү

Кичинекей кыз өзүн тааныган күндөн тартып, апасынын мээримине бөлөнүп, анын сөздөрү менен өзүн дүйнөдөгү эң сулуу кыз деп ишенип өсөт. Апасы үчүн ал нур жүздүү, карагат көздүү ашкан сулуу кыз эле. Бирок, мектепке барган күндөн тартып баары өзгөрөт. Классташтары анын сулуу эмес экенин айтышат. Кичинекей кыз алгачкы күндөрү алардын айтканына маани бербейт. Анткени, окуучулардын баары бири-бирин көрө алышпайт деп ойлойт. Бир нече жылдан кийин чындыкты сезе баштайт. Апасынын аппак деген жүзү сепкилге толо, карагат деген көзү кыйшык (калыракай) эле. Денеси да толуккандуу эмес болчу. Демек, апасы аны алдап, жылдар бою жалган айтып келген тура деп ойлонот.

Жаш кыздын апасына болгон сүйүүсү кыска убакытта жек көрүүгө айланат. Бойго жетсе да эч кимден жакшы сөз, жылуу сезим көрбөйт. Анын үстүнө бардык дарылоолорго карабай анын көзү сакайбайт. Дарыгерлердин жашыруун сүйлөшүүлөрүнөн, көр болуусу мүмкүн экендигин укканда акылынан адаша жаздап, өзүн али да болсо бөбөктүк жылдарындагыдай сүйгөн апасынын жалгандарына ачууланып, үйдөн чыгып кетүүгө чечим кылат. Бирок, апасы узак жерде иш тапканын айтып кызынан мурда үйдөн кетет. Бардык тапкан акчасын тууганына жиберип, кызын дарылантуусун суранат. Жаш кыздын көзү бир нече убакыттан кийин көрүүсүн жоготот. Караңгы дүйнөсүндө жалгыз калат. Бул учурда апасынын кайда, кантип жүргөнүн эч ойлобойт. Себеби, ал үчүн апасы жалганчы эле, көз жумса да ал үчүн кайгырбайт болчу. Бир күнү дарыгерлер ал үчүн дал келүүчү эки көз табышканын айтышып, операция жасашат.

Кыз көзүн ачканда дагы алгачкы жүзүн көрүүдөн коркот. Бирок, көр болуу да андан ашкан азап эле. Көзү көрө баштаса, эч болбогондо бирөөгө  көз каранды болмок эмес. Жаш кыз операциядан кийин күзгүгө карап, таң калыштуу өзгөрүүнү көрөт. Күзгүдөгү чындыгында дүйнө сулуусу эле. Жүзүндөгү сепкилдер жоголуп, мурду, кулагы бүт баарысы жарашыктуу, чачтары да алтындай укмуш көрүнөт. Жаш кыз жанындагы улгайган дарыгерди кубанынтуу кучактап: «Дүйнөгө жаңыдан келгендей болдум! Жүзүмдө эч кандай жагымсыздык калбаптыр. Ушундай укмуштуу операцияны сиз жасадыңызбы?» дейт. Улгайган дарыгер жылмайып: «Укмуштуу  операция жасабадым, кызым! Бул апаңдын көздөрү. Сен өзүңдү анын көздөрү менен көрүп жатасың!» — деп жооп берет.

 

 

Баарынан күчтүү ыйык сүйүү-эненин сүйүүсү.

Ал эч нерсеге багынбайт.

                                                          Т. Драйзер

Бир туугандарыбызды, аялыбызды, атабызды сүйгөнүбүз менен жаныбыз кыйналганда ар дайым оозубузга биринчи энебиз келет.

                                                                                           Н. А. Некрасов

Эне сүтүн актоо — өмүр бою карыз.

                                                            Н. Островский

Бейиш эненин таманынын астында.

                                                                   Хадис

Даярдаган Өкөнбаева Турдугүл

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}