Эс тутумду күчтөндүрүү көнүгүүлөрү

Адамдын мээси бул машыктырылууга муктаж болгон булчуң. Ал канчалык көп көнүгүүлөрдү аткарып, ар дайым аракетте болуп турганда, кубаттуулугу жогорулап, күчтөнүп турат. Андыктан мээнин ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана эс тутумду күчтөндүрүү үчүн төмөндө бир канча ыкмаларды сунуштайбыз:

• Cол кол көнүгүүсү: Сол колдун активдүү иштөөсү, мээнин оң жарым шарынын иштөөсүн жакшыртат. Ал эми мээнин оң жарым шары, адамдын чыгармачылыкка болгон жөндөмүн арттырып, фантазиянын өнүгүүсүнө жол ачат, жана ошондой эле бир учурда ар тараптуу маалыматтарды кабыл алуу жөндөмдүүлүгүн арттырат. Сол колдун ишмердүүлүгүн жакшыртуу үчүн: сол колуңуз менен өмүр баяныңызды жазыңыз, кадимки көнүмүш адаттарды сол менен менен аткарыңыз. Мисалы, чач тароо, тиш щеткасын колдонуу, китептин бетин сол кол менен барактоо ж.б. Ошондой эле, эгер сиз бир учурда эки колуңуз менен тең жазуу көндүмүн өздөштүрүп алган болсоңуз, анда, утуштасыз. Андыктан, оң кол эле эмес сол кол менен да жазууга көнүңүз.
• Сезүү органдарыңызды көп колдонуңуз. Толкундануу, жандануу, жаңы нерселерди үйрөнүү, кызыгуу жана таң калуу сезимдериңизди өрчүтүңүз. Айтор, буюм, табигый зат, өсүмдүк болобу колуңузга алып, кармап көрүп, жытын сезип, түзүлүшүн изилдеңиз.
• Өзүңүзгө дайыма суроо бериңиз: кече кечинде эмне кылдым? Бир саат мурун эмне кылдым? Кандай жаңы нерсе үйрөндүм ж.б
• Сол бут менен оң колду, оң бут менен сол колду дал келтирип кадам шилтеңиз, мээнин ишмердүүлүгү артсын.
• Колдун эки баш бармагын бириктирип, абага чексиз сегизди тартыныз, жана бул көнүгүүнү бир күндө бир канча жолу кайталай жүрүңүз. Колдун манжаларынын учу сезгич келет жана манжанын учтарында эс тутумга туз таасир берген нейрондор жайгашкан. Андыктан манжалар менен аткарылган көнүгүүлөрдү да аткара жүрүңүз.
• Тарых көнүгүүсү: өмүр баяныңызды кайталап жазып туруңуз, балалык күндөр, мектеп курак, алгачкы дос, алгачкы мугалимдериңизди эстеп, жазып жүрүүңүз дагы эс тутумдун бекемделишине салым кошот.
• Жазып окуу: китеп окуп жатканда, кызыктуу фактыларды, цитаталар, макалдар жана асыл ойлор айтылган болсо ошол сөздөрдү колуңуз менен атайын дептерге көчүрүп жазып алып, кайталай жүрүңүз.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}