Эң жакшы көргөнүңүз ким

Күндөрдүн биринде бир акылмандан «Эң жакшы көргөнүңүз ким?» деп сурашат. Акылман эч ойлонбостон «Тигүүчүм» деп жооп берет. Муну уккандар таң калышып, «Жакшы көрө турган ушунча көп жакындарыңыз турганда эмне себептен тигүүчүнү жакшы көрөсүз?» деп сурашат кайрадан. Даанышман: «Ооба, мен тигүүчүмдү жакшы көрөм. Анткени, ага ар барганымда мага бир карайт да, денемди өлчөйт.  А башкалар андай эмес. Тигүүчүмдөн башка адамдар мен жөнүндө бир ирет чечим чыгарышат да, андан кийин мен канчалык өзгөрсөм, өнүксөм да маани беришпейт, мен өлгөнгө чейин биринчи өлчөмүн өзгөртүшпөйт.»  деп жооп берет.

Которгон Өкөнбаева Турдугүл

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}