Өзүңдөгү ишенимди эч качан жоготпо!

Ал жарык дүйнөгө келгенде эле колу, буту жок сейрек кездешүүчү оруу менен төрөлгөн. Акушер бөбөктү колуна алып, сунган  учурда энеси өз баласын  кароодон баш тарткан болчу. Ал эми атасы аз жерден эс учун жогото жаздап, кусуп жибере жаздаган. Мээрман айым аны бөлмөдөн чыгарууга аргасыз болгон. Анын көйгөйлөрү күнүмдүк гана тапшырмалардан чектелген эмес болчу…Мектептеги бирге окуган достору маскарлап, үстүнөн кордук көргөзөр эле.  Балдар  дайыма  шылдыңдап, оюндарда  кошпой бөлүп салышчу. Анын жалгыз жана депрессияда  жашаган күндөрү көп болгон. Бул дүйнөдө  жашаганга акым да жок деп ойлогон. Депресиянын азабынан 10 жашында  өзүнүн жанын кыюууга сөз берет. “Мен  өзүмдү  керексиз, ата-энеме ар дайым  оор жүк болуп жашарымды сезчүмүн”- деп эскерет.Бир күнү апасы өзүндөй оору менен  жапа чеккен    адамды  гезит  бетинен көрсөткөндөн кийин,  баардык нерселер өзгөрө баштайт. Фотодон кийин  ал  дүйнөдө бул абалда  жалгыз  эмес экенин түшүнөт. Ал өзүн кандай болсо, ошондой кабыл алат. Бутунун бармагын колдонуп жазганды, сууда сүзгөндү жана ойногонду  үйрөнөт. Ал дуйнөгө саякат жасап миллиондогон адамдардын жашоосун   мотивациялык  сөздөрү менен шыктандырган. Өз сөзүндө “Сиздин     колуңуз, бутунуз болушу мүмкүн бирок 3 нерсени  билип алышыңыз абзел:

 1) Сен кимсиң жана жашоодогу  балуулугуң эмне ?

2) Азыркы учурдагы жашоодогу максатың эмне ?

3) Ушул убакытка чейин сенин жашооң кандай болчу ? 

Эгер сен  төмөндөгү  3 суроонун  жообун билбесең, анда  мага караганда сенин көбүрөөк мүмкүнчүлүгүн чектелген.”

Ник Вуйчич – бүгүнкү күндө дүйнөгө белгилүү  Мотивациялык Спикер.

“Эгер сенде мүмкүнчүлук  жок болсо, анда өзүң жарат! “ Ник Вуйчич.

Залкар Аманов

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}