Өрнөктүү өмүр үчүн 12 кеңеш

Өзүбүзгө да, айлана-чөйрөбүзгө да пайдалуу, берекелүү  өмүр өткөрүү үчүн 12 кеңеш:

  1. Кайрымдуулукту адатка айлантыңыз! Ар күнү колдонуп жаткан социалдык сеттерде, гезиттердеги же телеканалдардагы кабарларда дүйнөдө жана өлкөдө жардамга муктаж адамдарды, ачкачылыкта күн өткөрүп жаткандарды барыбыз эле көрсөк керек. Бирок, мындай маалыматтарды көргөндө жүрөгүбүз ооруп гана калат. Ал эми биздин жүрөгүбүздүн ооруганы жардамга муктаждарга жардам бербейт. Айланаңыздагы же кабардар болгон бардык жердеги жардамга муктаждарга жашыруун түрдө (жарыялабай) жардам берүүнү адатка айлантыңыз! Бул сиздин жан дүйнөңүзгө тынчтык тартуулайт. Кайрымдуулук кылуу менен дүйнөдөгү жакырчылыкты жок кыла албасак да, кайрымдуулукту адатка айлантабыз. Кайрымдуулук жүрөгүбүзгө тынчтык тартуулайт жана өзүбүзгө болгон ишенимди бекемдейт.
  2. Дүйнөдө адамды бактылуу кылган иш-аракеттердин бири бул кан берүү! Адамдар ар мүнөт сайын кырсык, жаралануу жана башка себептерден улам канга муктаж болуусу мүмкүн.  Балким, биз берген кан бир күнү өзүбүздү куткаруусу мүмкүн. Кан берүү шарттарына (ден соолугуңуз жакшы болсо) жооп берсеңиз кан бере аласыз. Кан берүүнүн ден соолукка пайдалуу экенин белгилүү экенине карабай, кан издеген жарыялар арбын. Кан тапшырылуучу борборлорго барып аты-жөнүңүздү, байланыш номерлериңизди жаздырып кан керек болгондо кан берсеңиз болот. Бул аракет адамдык парзын аткаруунун кубанычын тартуулайт.
  3. Убакытты башкарууну колуңузга алыңыз! Убакытты туура пайдаланган адам жашоону өзүнө жана үй-бүлөсүнө пайдалуу кылган адам. Эс алуу, иштөө, үй-бүлө менен бирге болуу, уктоо, коом менен алектенүү убагы сыяктуу убакытты бөлүштүрүүбүз керек болгон бир нече иш-аракеттерибиз бар. Өзүнө жана чөйрөсүнө карата милдеттерин аткаруучу катары убактытты бөлүштүрүүдө адамдарга жардам берүү үчүн да убакыт бөлүүбүз керек. Ар бир адам жылда 1 же 2 жумасын жардамдашуу үчүн бөлө турган болсо, кыска убакыттын ичинде бейпил жана бактылуу коомду курууга болот.
  4. Социалдык проекттерге катышыңыз! Билим берүү, тарбиялоо жана дарак тигүү менен алектенгендер бул дүйнөдөн өткөндөн кийин да эмгегинин мөмөсүн алышат. Калифорниядагы мектептерде аңгеме, жомок окуу сааттары уюштурулат. Бир аял үйүнө жакын жердеги бир мектепке жомок айтып берүү үчүн ыктыярчы болуп жазылат да, өмүрүнүн акырына чейин бул ишин улантат. Ошентип, бул аялдын көзү өткөндө эч ким күтпөгөндөй көпчүлүк акыркы сапарга узатуу аземине катышат. Бул көпчүлүк анын аңгеме/жомок айтып берген окуучулары эле… Бул апа көпчүлүктүн жашоосун өзгөрткөн жана көпчүлүккө үлгү болгон. Балким, бул ападай көп убакыт бөлө албашыңыз мүмкүн. Бирок, айда же жумада бир ирет мектептердеги же боорукерлик үйлөрүндөгү балдарга аңгеме, жомок же жашоого байланыштуу тажрыйба, мээрим бөлүшүү жөнүндө ойлонуп көрүңүз.
  5. Айлана-чөйрөңүздү таза кармаңыз жана табиатка камкор болуңуз! Ар бир адам өзүнүн эшигинин алдын тазалай турган болсо, анда бүт көчө таза болот. (Толстой.) Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот. (И.Раззаков.) Бул сыяктуу канчалаган акылман сөздөр адамдарды өзүн жана чөйрөсүн таза кармоого чакырат. Бардык диндер адамдын жан дүйнөсүн да, айлана-чөйрөсүн да тазаалоого буйрук кылат. Өзүңүздү жана чөйрөңүздү таза кармоону көндүмгө айлантыңыз бул аракет өзүңүздү жана айланаңыздагыларды сыйлооңузго себеп болот. Сыйлаган адам сый көрөт, сый бар жерге сүйүү, жана бакыт орнойт.
  6. Досторуңузду сыйлаңыз! Адамдар үчүн достук маанилүү. Жүз сомуң болгуча, жүздосуң болсун дейт. Акча менен чечилбеген маселелерди достор чечет. Кайгыда да, кубанычта да айланаңда досторуңдун болгону эң негизги жетишкендик. Дсоторго жоомарт болуңуз. Жоомарттык акчаңыз жетпеген нерселерди алуу эмес, аз болсо да көңүл бөлүү. Ак пейилиңиз, ширин сөзүңүз, жылуу мамилеңиз менен тапкан досторуңуз  жашооңузду кооздосун.
  7. Уга билиңиз! Кээде адамга угуу да сый алып келет. Ар дайым жана ар жерде сүйлөй берүү да туура аракет эмес. Кээде адамдарды сабырдуулук менен угуңуз. Угуп жаткандай болуу үчүн эмес, чын дилиңиз менен уга билиңиз. Адамдарга угуу менен эң чоң жардам берген болосуз жана жүрөгүнөн орун аласыз.
  8. Капитализмге каршы чыгыңыз! Кийимиңиз жыртылып жараксыз абалга келгенге чейин жаңы кийим же телефонуңуз бузулуп жараксыз калганга чейин жаңы сатып албаңыз. Моданы да, жаңы маркаларды да куубаңыз. Капитализмди кубанткан керектөөчүлөр бактылуу болушпайт, каршы чыккандар бактылуу болушат.
  9. Ашыкча нерселерди таратыңыз! Үйүңүздө колдонулбаган ашыкча буюмдарыңызды таратыңыз. Колдонулбай эле турган эч нерсеңизди калтырбаңыз. Муктаждарга таратыңыз же тааныштарыңызга белек кылыңыз. Таратыла турган нерселер бир гана колдонулбаган буюдар эмес, акча, тамак-аш, китеп же билим болуусу мүмкүн.
  10. Китеп окууу менен көз карандысыз болуңуз! Китеп окуу адамдарды көз карандысыздыкка жеткирет. Көп окуган адам көп меселени көп кырдуу карай алат жана көп түрдүү чече алат. Китеп окуу адамдын көз карашын кеңейтет жана курчутат. Ошондой эле, көп окуу менен башкаларды тууроодон алыстап, өз алдынча, өзгөчө өзүңүз боло аласыз.
  11. Интернеттин дүйнөңүздү карайтуусуна жол бербеңиз! Чындыгында интернет колдонуу мүмкүнчүлүгү адамга чексиз маалыматты берет. Инернетти өзүңүздү өнүктүрүү, тарбиялоо үчүн колдонуңуз. Ишиңизди мыкты аткаруу үчүн колдонуңуз. Көз каранды болуп байланып убактыңызды, өмүрүңүздү уурдатпаңыз.
  12. Эң берекелүү убактыңызды уйкуга уурдатпаңыз! Ар бир адам уйкуга муктаж. Бирок, керектүүсүнөн көп уктоо адамдын ден соолугуна да, маанайына да терс таасир этет. Адистер ар дайым бирдей өлчөмдө уктоо жана уктоо, ойгонуу сааттарынын ар дайым бир учурда болуусу керектигин сунушташат.  Акылмандар эрте жатып керектүү уйкуну алган соң эрте турууну насаат кылышат. Күндү ойгоо абалда тосуу, таң эрте сайраган куштар менен, табиат менен саламдашуу жакшы маанай тартуулайт. Эрте менен үй-бүлө менен бирге тамактануу, кечинде кайгырткан маселелерге карабай күндү жылмайып баштоо жана абалына шүгүр келтирүү адамга да, айланасындагыларга да кубаныч алып келет.

Даярдаган Өкөнбаева Турдугүл

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}