100 күн ичинде жашооңузда өзгөрүү жасаңыз

  1. Ушул убакка чейин эч колуңуз тийбей келген, бирок окууну эңсеп жүргөн оор китепти 100 күндүн ичинде баштан-аяк окуп бүтүрүңүз.
  2. Күнүгө жаңы бир нерсе билиңиз. Мисалы, гүлдүн, же алыскы мамлекеттин аталышын, жактырган ат породасынын атын ж.б. Ал эми кечинде үйрөнгөн нерселериңизди бир сыйра кайталоону адатка айлантыңыз.
  3. Бардык өлкөлөрдөгү жана ар башка көз караштарды карманган психологдордун ансайын сунуштап келаткан кеңишине кулак төшөңүз — жашооңузда сиз күнүгө ыраазы болгон 5-10 нерсени баракка жазыңыз.
  4. Кийинки 100 күн бою даттанганды, наалыганды токтотуңүз. Терс ойлор терс жыйынтыкка алып келет. Ар жолу даттанууну каалап баштаганда өзүңүздү токтотуп калыңыз.
  5. Атайын дептер ачып, ага 100 күн бою күнүгө эрте менен турганда оюңузга келген нерселердин баарын жазыңыз. Бул сиз ойгонгондон кийин биринчи аткарылчу жумуш болушу шарт.
  6. 100 күндүн жүрүшүндө кошумча киреше булагын издөө же түзүүгө күнүгө эч болбогондо 1 саатыңызды арнаңыз.
  7. Спорт менен үзгүлтүксүз машыгып жүрүңүз.
  8. Кийинки 100 күндө кандай адам болууну жана кандай жетишкедиктерди багынтууну каалаганыңызга багытталган ойлорго,сөздөргө жана элестерге гана токтолууга аракеттениңиз.

 

Которгон: Шамшидин кызы Элнура

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}