21-кылымдын шаары-Токио

Бул макалада күн чыгыш өлкөсү болгон Жапон мамлекетинин баш калаасы, дүйнөнү киши сымал роботтору, заманга шайкеш техникалары, сыпайы, сыйчыл калкы жана да коопсуз шаар экендиги менен таң калтырып келген Токио шаары жөнүндө азын-оолак кеп кылмакчыбыз.Өлкө: Жапония
Ички бөлүнүшү: 62 Губернатор: Шинтаро Ишихара
Негизделген жылы: 1869-жыл
Расмий тили: жапон тили
Калкы: 13 051 965 адам (2010-жыл)
Жыштыгы: 5966,20 адам/км²

Тарыхы

Токио шаарынын тарыхы 400 жылдан ашуун убакытты ичине камтыйт. Токио шаары алгач Эдо (Куймага кирүү) деп аталган. Бул жерде 1603-жылы Токугава Иеясу Токугава сегунатын (1603-1867-жж.) түзгөн. Ошондон тартып шаар дүркүрөп өнүккөн. Мурда Япониянын борбору Киото шаары эле, 1868-жылы император Эдого көчүп келет да, шаардын атын Токио (Чыгыш борбору) деп өзгөртөт. Ошентип, Токио Япониянын борбору болуп калган. Мейдзинин тушунда (1868-1912-жж.) батыш цивилизациясынын таасири менен шаардагы эски үйлөрдүн ордуна кирпичтен имараттар тургузулган. 1923-жылы Кантодо болгон зилзала шаар үчүн көптөгөн жоготууларды алып келген, расмий маалыматтарда 140000 адам дайынсыз жоголду же каза болду, 300000 үй кыйроого учурады деп жазылган. Шаарды кайра калыбына келтирүү иштери жүрүп, 1927-жылы биринчи метро линиясы салынган, ал эми 1931-жылы дүйнөгө таанымал Ханеда аэропорту жүргүнчүрөрдү тейлей баштаган. 1935-жылы Токионун тургундарынын саны 6,36 милионго жетип, Лондон менен Нью-Йорктун элинин санына теңелген.1941-жылы башталган согуш шаардын өнүгүшүнө оор залакасын тийгизген. 1943-жылы чоң мегаполис түзүү максатында Токио префектурасы менен Токио-ши шаары бириктирилип, губернатор шайланган. 1947-жылы Япониянын жаңы Конститутциясы кабыл алынган. Ага ылайык, Токиошаары 23 районго бөлүнгөн. 1960-жылы шаардын экономикасы атайын техника чыгаруу менен катуу өнүккөн. 1864-жылыТокиодо кезектеги олимпиадалык оюндар өткөрүлгөн.

Токио, Гинза көчөсү, 1872-жыл

21-кылымдын шаары-Токио
Географиясы

Токио Япония архипелагынын ортосунан орун алган Канто түштүк аймагында жайгашкан. Шаар чыгышынан Эдогава суусу жана Чиба прифектурасы, батышынан тоолор жана Яманаши префектурасы, түндүгүнөн Сайтама префектурасы, түштүгүнөн Тамагава суусу жана Канагава префектурасы менен чектешет. Изу, Огасавара аралдары шаардан алыс турса да, Токионун администрациялык-аймактык бөлүгү катары саналат.

Экономикасы

Шаардын өнөр жайынын негизин авто унаа куруу, темир жана жыгач иштетүү, электроника, электротехника, полиграфия, химия өнөр жайы түзөт.

Райондору

Шаардын негизги көчөсү-Гинза көчөсү. Бул жерде кымбат ресторандар, дүкөндөр, мейманканалар жайгашкан. Шинджуку району бийик-бийик имараттары, сайрандоо жайлары менен таанымал болсо, Акихабара электроника жана компьютердик оюндар борбору катары каралат. Асакусанын эски кочөлөрү дүкөндөргө, сувенир саткан жайларга жана сайрандоо борборлоруна толгондуктан, күнү-түнү эл аягы суюлбайт. Дал ушул жерден жергиликтүү жапон матрешкаларын табууга болот. Токио Диснейленди да бүйүр кызытпай койбойт.

21-кылымдын шаары-Токио
Гинза көчөсү(азыркы көрүнүшү)

Кызыктуу фактылар:
• Токио – дүйнөнүн эң кымбат шаары болуп саналат
• Токиодо жылына 150дөй жер титирөөлөр болуп турат.
• Токиодо зоопаркты жылына 2 айга жабып турат. Анткени жаныбарларды зоопаркка келген кишилерден эсалдырыш үчүн.
• Токио дүйнөдөгү 12 кооз шаардын катрына кирет.
• Токиодо жердин баасы дүйнөдө эң кымбат болуп саналат. Лондондон 33 эсеге, Нью- Йорктон 89 эсеге кымбат келет.

Айбат

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}