Колдо бар нерсени кадырлоо

Деңизге биринчи ирет чыгып жаткан бир кул менен падыша бир кемеде жолго чыгат. Кул коркуунун таасиринен улам титиреп, ызы-чуу сала берет. Аны тынчтандыруу үчүн айтылган сөздөрдөн,  колдонулган баардык чаралардан эч майнап чыкпайт.

Бул ишке падыша да бир тараптан ачууланып, бир тараптан айласы кетет. Жүргүнчүлөрдүн ал адамга кемеде жүрүүнүн коркунучсуз экенин түшүндүрө албай  айласы кетет. Ошондо арадан бир адам ортого чыгып, аны тынчтандыруу үчүн падышадан уруксат берүүсүн суранат. Падыша: «Эмне кылсаң кыл, ушул адам тынч кетсе болду» дейт.

Ал адам кыйкырып жаткан кулду сууга түртүп жиберет. Сууда чөгүүнүн коркунучун башынан өткөрүп, тумчугуп жатып кол көтөрүп «Чөгүп жатам! Жардам бергиле!» деп кыйкырат. Ошондо гана сууга түрткөн киши кемеге чыгарып, бир бурчка отургузуп коёт. Кул абалына шүгүр кылган немече үн чыгарбай титиреп, отуруп калат. Кулдун абалына да, сууга түрткөн кишиге да баары таң калыштуу карап калышат. Падыша ал кишиге эмне үчүн мындай жол тутканын сурайт. Ал: «Кемедеги тынчтыктын жана коопсуздуктун кадырын билбей жаткан болчу, сууга түшкөн соң кадырын түшүндү» дейт.

Колдо бар алтындын баркы жок. 

  Макал

Ооорудан мурун ден соолук кадырын бил, өлүмдөн мурун жашоонун кадырын бил.

               Хадис

 

Тыянак чыга турган максатты көздөгөн акыл-баарынан мыкты акыл.

                                                                                                                     И. Гёте

Адам баласы жарыкта-караңгыны, кубанычта –кайгыны, токчулукта- жокчулукту ойлонбойт. Бирок, караңгыда-жарыкты, кайгыда-кубанычты, жокчулукта-токчулукту дайыма ойлонот.

                                                           Иммануил Кант

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}