Зергердин жообу

Зергердин жообу
Акылдуулар иштин жыйынтыгын, ал ишке киришээрден мурда билишет, ал эми акылсыздар иштин аягын, ишти кылып бүткөндөн кийин гана көрүшөт. Өкүнүп калбайын десеңиз, ишти баштаардан мурда, жети өлчөп бир кесиңиз.
Бир адам алтындын көлөмүн билүү үчүн зергерден тараза сурайт. Бирок ал адам зергерден:
— Убара болбой кете бериңиз. Менде элек жок, – деген жоопту угат. Анда зергерге таң калган адам:
— Тамашаңды койсоңчу. Таразаңды сурап жатам. Алтынымды тарта коюп кайра кайтарам, – дейт. Анда зергер:
— Дүкөнүмдө шыпыргы жок, – деп жооп кайтарат. Мындайды күтпөгөн адам:
— Тараза сурасам, шыпыргы, элек жок деп айтканың кандай? — деп зергерге ачуулана карады. Анда зергер:
— Эмне сураганыңызды жакшы уктум. Ачууланбаңыз. Менин айкандарымды да мааниси жок дебеңиз. Сиздин көрүнүшүңүздөн алсыз экениңизди жашырууга болбойт. Ачкалыктан жана арыктыктан колдоруңуздун да титирегени байкалып турат. Титиреген колдоруңуз менен алтынды тартам деп жатып аны топурака төгүп аласыз. Аны жыйноо үчүн менден шыпыргы сурайсыз. Андан соң, топурактан алтынды бөлүп алуу үчүн элек берүүмдү талап кыласыз. Мен иштин жыйынтыгын, ишти баштардан мурда көргөндөрдөнмүн”- деп жооп берген экен.
Булак: «Мевланадан икаялар топтому» китеби
Которгон: Эстебесова Махабат

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}