24 саатта дүйнөдө эмне болот?

Тынымсыз өтүп жаткан секундалар, мүнөттөр, сааттар кээ бирибиз үчүн мааниси жоктой сезилет.Ал эми убакыттын баркын билип, маани бергендер үчүн ар бир секунда алтынга тете. Ошол токтобой өтүп жаткан секундаларда айрымдардын өмүрү башталып жатса, тилекке каршы айрымдардын өмүрү бүтүп жатат.Деги эле биздин бир күндүк өмүрүбүз 24 сааттын ичинде ааламда эмнелер гана болбойт.

  • Жаңы башталган ар бир күн биздин планетага 365 миң жаңы жашоочу алып келет.
  • 18 миллиондон ашык адам өздүк майрамы, туулган күнүн белгилейт.
  • 24 саттын ичинде жерге 8,6 миллион чагылган түшөт.
  • Ар бир дарак планетанын 2 жашоочусуна жете турган кычкылтек бөлүп чыгарат.
  • Кытайлар бир күндө 510 миң тонна күрүч жыйнайт.
  • Планетанын баардык жашоочулары бир күндө 22 миллиард жолу дааратканын суусун агызат. Бул суу планетадагы адамдардын жарымы ваннага түшүп тазаланууга да жетмек.
  • Кагаз баштыктарды даярдоо үчүн 40 миң, ал эми даараткана кагазы үчүн 27 миң дарак кыйылат.
  • Ар бирибиз эң аз дегенде 15 жолу жылмаябыз.
  • Жүрөгүбүз 104 миң жолу согот.
  • Орточо эсеп менен алганда ар бир адам бир күндө 15 доллар иштеп табат.
  • Адам болжол менен 23 миң жолу дем алып, кайра дем чыгарат.
  • Жер планетасында 7 жолу жер титирейт.
  • Адам бир күндө 12 мүнөт убактысын душта, 20 мүнөт убактысын тазалык жайында өткөзөт.
  • Адамдын чачы 0,35 мм ге өсөт, ушул эле 24 саат ичинде адамдын башынан 40-100 чач түшөт.
  • Бир күндө сүйлөгөн сөздөрүбүздүн саны оточо эсеп менен 48 миңге жетет.
  • Күбө пайда кылуучу сокур көпөлөк өз өмүрүн жашап бүтөт .


Айтор, биз жашап жаткан дүйнө кызыктарга толо, 24 саат ичинде мындан да көп кызыктар болот. Биз бир четин гана ачып бере алдык.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}